Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Коринфянам 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Чопо идиштердеги кенч

    4:1 Бул кызмат бизге Теңирдин ырайымы менен берилгендиктен, көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз.

    4:2 Жашыруун жана ыпылас иштерди кылуудан качабыз, кууланбайбыз, Кудай Сөзүн бурмалабайбыз. Тескерисинче, чындыкты ачык жарыялап, Кудай алдында өзүбүздү ар бир адамдын абийирине коёбуз.

    4:3 Биз жарыялаган Жакшы Кабар жабык болсо, ал өлүмгө бара жаткандар үчүн жабык.

    4:4 Кудайдын бейнеси болгон Машайактын даңкын жарыялаган Жакшы Кабардын жарыгын көрүшпөсү үчүн, бул дүйнөнүн төрөсү ишенбегендердин акылын караңгылатып койгон.

    4:5 Биз өзүбүздү жарыялап жаткан жокпуз. Машайак Ыйсаны Теңир деп, өзүбүздү болсо Ыйса үчүн силердин кулдарыңарбыз деп жарыялап жатабыз.

    4:6 Караңгылыкта жарык жаркырасын деп буйруган Кудай өзүнүн даңкын Ыйса Машайак аркылуу бизге көрсөтүш үчүн, жүрөгүбүздү жарык кылды.

    4:7 Бирок кудуреттүү күч биздики эмес, Кудайдыкы болуп эсептелиш үчүн, ушул кенчти биз чопо идиштерде сактап жүрөбүз.

    4:8 Биз бардык тараптан кысымга алынып жатабыз, бирок өзүбүздү кысымга алынгандай сезбейбиз. Биз эмүтсүз абалдабыз, бирок эмүтүбүздү эзбөйбүз.

    4:9 Бизди кубалап жатышат, бирок кароосуз калган жокпуз. Бизди кыйнап жатышат, бирок өлгөн жокпуз.

    4:10 Ыйсанын өмүрү денебизде көрүнүшү үчүн, Теңир Ыйсанын өлүмүн ар дайым денебизде алып жүрөбүз.

    4:11 Анткени биз, тирүүлөр, өлө турган денебизде Ыйсанын өмүрү көрүнүшү үчүн, Ыйса үчүн ар дайым өлүмгө баш коюп жатабыз.

    4:12 Ошентип, биз өлүмгө баш коюп жатабыз, силер болсо өмүргө эү болуп жатасыңар.

    4:13 Забурда: «Мен ишенгем, ошондуктан сүйлөдүм», – деп жазылган. Ошол эле ишеним рухуна эү болгон биз да ишенебиз, ошондуктан сүйлөп жатабыз.

    4:14 Анткени биз Ыйса Теңирди тирилткен Кудай Ыйса менен бирге бизди да тирилтерин, өзүнүн алдына силер менен кошо бизди да алып келерин билебиз.

    4:15 Мунун баары силер үчүн, артыгы менен көрсөтүлгөн ырайым көптөрдүн ыраазычылык билдирүүсүн арттыруу үчүн жана Кудай даңкталышы үчүн болуп жатат.

    4:16 Ошондуктан биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Сырткы адам карып бара жатса да, ички адам күндөн-күнгө жаңыланууда.

    4:17 Башыбыздан өткөрүп жаткан убактылуу, анча оор эмес кыйынчылыктарыбыз түбөлүктүү даңкты эбегейсиз көп жаратат.

    4:18 Анткени биз көрүнгөн нерсеге эмес, көрүнбөгөн нерсеге назар салабыз. Көрүнгөн нерсе убактылуу, көрүнбөгөн нерсе болсо түбөлүктүү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск