Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Коринфянам 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Бардык адамдар Машайактын сотуна тартылышат

    5:1 Жердеги үйүбүз, бул чатырыбыз, кыйрагандан кийин, Кудай бизге асмандан адамдын колу менен жасалбаган имаратты, түбөлүк эйдү, берерин билебиз.

    5:2 Ошон үчүн асмандагы үйүбүздү кийүүнү каалап, улутунуп жатабыз.

    5:3 Кийимчен туруп, жылаңач деп табылып калбасак эле болду.

    5:4 Бул чатырыбызда турганыбызда кыйналып, эшкүрүнүп жатабыз. Анткени өлө турган нерсенин бардыгынын үстүнөн өмүр жеңишке жетиши үчүн, биз жылаңач болууну эмес, кийимчен болууну каалайбыз.

    5:5 Кудай бизди ошого даярдаган жана бизге Рухту аманат кылып берген.

    5:6 Ошондуктан ар дайым кайраттуубуз, бул денебизде жашап жатканыбызда, Теңирден алыс экенибизди билебиз.

    5:7 Анткени биз көргөнүбүз боюнча эмес, ишенимибиз менен жашап жатабыз.

    5:8 Ошондуктан биз кайраттуубуз, денеден чыгып, Теңирдин жанына барууну артык көрөбүз.

    5:9 Денебизде жашап жатсак да, денебизден чыгып кете турган болсок да, Теңирге жагууга аракеттенип жатабыз.

    5:10 Анткени денеде жашап жүргөндө кылган жаман же жакшы иштерибизге жараша тиешебизди алуу үчүн, баарыбыз Машайактын сот тактысынын алдына келишибиз керек.

    5:11 Ошентип, Кудайдан коркуу деген эмне экенин билгендиктен, адамдарды ынандырууга аракеттенип жатабыз. Кудай алдында ачыкпыз, силердин абийириңердин алдында да ачыкпыз деп ойлойм.

    5:12 Биз өзүбүздү силерге кайрадан тааныштырып жаткан жокпуз. Жүрөгү менен эмес, сырткы көрүнүшү менен мактангандарга жооп бере алгыдай болушуңар үчүн, биз менен мактана алгыдай мүмкүнчүлүк берип жатабыз.

    5:13 үгерде өзүбүздү кармай албай калып жатсак, анда Кудай үчүн ошентип жатабыз. эгерде өзүбүздү токтоо алып жүрсөк, анда силер үчүн ошентип жатабыз.

    5:14 Анткени Машайактын сүйүүсү: «Бирөө бардыгы үчүн өлдү, демек, бардыгы өлүштү», – деп ойлогон бизди ошентүүгө милдеттендирет.

    5:15 Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн эмес, өздөрү үчүн өлгөн жана кайра тирилген Машайак үчүн жашашы үчүн, Машайак бардыгы үчүн өлгөн.

    5:16 Ошондуктан биз мындан ары үч кимди сырткы көрүнүшү боюнча баалабайбыз. Биз мурун Машайакты сырткы көрүнүшү боюнча адам катары бааласак да, азыр андай баалабайбыз.

    5:17 Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал – жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду.

    5:18 Мунун баары Кудайдан, Кудай Машайак аркылуу бизди өзү менен элдештирди жана бизге элдештирүү кызматын берди.

    5:19 Анткени Кудай Машайактын ичинде дүйнөнү өзү менен элдештирди, адамдардын күнөөлөрүн эске алган жок. Бизге болсо Кудай менен элдешүү жөнүндөгү сөздү жарыялоону тапшырды.

    5:20 Ошентип, биз Машайактын атынан келген элчилербиз, Кудай өзү биз аркылуу адамдарга кайрылып жатат. Машайактын атынан суранабыз: Кудай менен элдешкиле.

    5:21 Машайак аркылуу өзүнүн алдында бизди адилеттүү кылыш үчүн, күнөөнү билбеген Машайакты биз үчүн күнөө кылды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск