Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Коринфянам 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Жакшы Кабар таратууда Пабылдын тарткан азаптары

    6:1 Кудайдын кызматташтары катары силерге эскертебиз: Кудайдын ырайымын кабыл алганыңар пайдасыз болуп калбасын.

    6:2 Себеби Ал мындай деген: «Жакшы убакта Мен сени уктум, куткарылуу күнү сага жардам бердим». Мына азыр – жакшы убакыт, мына бүгүн – куткарылуу күнү.

    6:3 Кызматыбыз сөзгө калбаш үчүн, үч кимге үч нерседе кедерги болбойбуз.

    6:4 Тескерисинче, кыйынчылык келгенде, муктаж болгондо, кысымчылык болгон учурларда,

    6:5 таяк жегенде, түрмөлөргө түшкөндө, куугунтуктар болгондо, эмгектенгенде, уйкусуз түндөрдө, орозо кармаганда,

    6:6 тазалыкты, кеменгерликти, кең пейилдикти, чыдамдуулукту, жакшылыкты, Ыйык Рухтун күчүн жана таза сүйүүнү көрсөтүүдө,

    6:7 чындык сөзүн жарыялоодо, Кудайдын күчүн көрсөтүүдө адилдиктин куралын оң колубузга да, сол колубузга да кармап,

    6:8 бизди сыйлап жатышканда да, кордоп жатышканда да, жамандап жатышканда да, мактап жатышканда да – бардык учурда бардык нерсеге чыдап, өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтүп жатабыз. Бизди жалганчы деп эсептешет, бирок биз ишенимдүүбүз.

    6:9 Таанымал болбосок да, бизди таанышат. Бизди өлгөн адамдар катары көрүшөт, бирок биз тирүүбүз. Бизди жазалап жатышат, бирок өлгөн жокпуз.

    6:10 Бизди капа кылып жатышат, бирок биз ар дайым кубанабыз. Жардыбыз, бирок биз көптөрдү байытабыз. үч нерсебиз жок, бирок биз баарына эүбиз.

    6:11 Корунттуктар, силер менен ачык сүйлөштүк, силерге жүрөгүбүздү кенен ачтык.

    6:12 Биз силерди жүрөгүбүзгө батырдык, бирок силер бизди батыра албадыңар.

    6:13 Силерге балдарым катары кайрылып жатам, биз сыяктуу эле силер да бизге жүрөгүңөрдү кенен ачкыла.

    Тирүү Кудайдын ийбадатканасы

    6:14 Ишенбегендер менен бирге жат моюнтурукка кошулбагыла. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?

    6:15 Машайак менен Белиардын ортосунда кандай макулдашуу бар? Ишенген адам менен ишенбеген адамдын ортосунда кандай жалпылык бар?

    6:16 Кудайдын ийбадатканасы менен буркандардын ортосунда кандай байланыш бар? Анткени силер тирүү Кудайдын ийбадатканасысыңар. Кудай мындай деген: «Алардын арасына жайгашып, алардын арасында жүрөм, алардын Кудайы болом, алар Менин элим болушат».

    6:17 «Ошон үчүн алардын арасынан чыккыла, алардан бөлүнгүлө, – дейт Теңир, – арам нерселерге жолобогула, ошондо Мен силерди кабыл алам».

    6:18 «Мен силерге Ата болом, силер болсо Менин уулдарым, кыздарым болосуңар», – дейт кудуреттүү Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск