Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Коринфянам 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    7:1 Сүйүктүү бир туугандарым, Кудай бизге ушундай убадаларды бергендиктен, денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы, Кудайдан коркуу менен, ыйыктыкка умтулалы.

    Пабылдын корунттуктар үчүн кубанышы

    7:2 Бизге жүрөгүңөрдөн орун бергиле: биз үч кимди таарынткан жокпуз, үч кимге зыян келтирген жокпуз, үч кимди пайдаланган жокпуз.

    7:3 Муну силерди айыпташ үчүн айтып жаткан жокмун. Мурун айтып кеткенимдей, силер биздин жүрөгүбүздөсүңөр, өлсөк да, жашасак да силер менен биргебиз.

    7:4 Силерге болгон ишенимим чоң, силер менен өзгөчө сыймыктанам. Бардык кайгы-капабызга карабай, толугу менен сооронуп, аябай кубанып жатам.

    7:5 Себеби Македонияга келгенибизде, жаныбыз тынчтык тапкан жок, ар тарабыбыздан кысымга алындык: сырттан – кол салуу, ичтен – коркунуч.

    7:6 Бирок көңүлү чөккөндөрдү соороткон Кудай бизди Титтин келиши менен сооротту.

    7:7 Титтин келиши гана эмес, анын силер аркылуу сооронгондугу да бизди сооротту. Мага болгон камкордугуңар, сагынычыңар, мен үчүн төккөн көз жашыңар жөнүндө Титтен укканымда, ого бетер кубандым.

    7:8 Ошондуктан жазган катым менен силерди капалантканыма өкүнбөйм. Катымдын силерди капалантканын көрүп, өкүнгөн элем, бирок силер убактылуу эле капаландыңар.

    7:9 Азыр болсо кубанып турам. Албетте, кайгырганыңар үчүн эмес, күнөөңөрдү сезип өкүнүп, кайгырганыңар үчүн кубанып жатам. Анткени силер Кудайга жаккандай кайгырдыңар, демек, биз силерге үч кандай зыян келтирген жокпуз.

    7:10 Себеби Кудайга жаккан кайгы тобо кылып куткарылууга алып келет, ал эми бул дүйнөнүкүндөй кайгы өлүмгө дуушар кылат.

    7:11 Себеби Кудайга жаккан кайгы силерде кандай тырышчаактыкты, кечирим суроону, күнөө кылган адамга нааразыланууну, коркунучту, каалоону, кызганчаактыкты, жазаны жаратканын карагылачы. Бул иште таза экениңерди бардык жагынан көрсөттүңөр.

    7:12 Мен бул катты таарынткан адам үчүн да, таарынган адам үчүн да жазган жокмун. Болгону, биз жөнүндө кандай кам көрөрүңөр Кудай алдында өзүңөргө белгилүү болушун гана кааладым.

    7:13 Анткени биз силердин сооронууңар аркылуу сооронуп калдык. Буга кошумча Титтин кубанычы бизди ого бетер кубантты, баарың анын рухун тынчтандырыптырсыңар.

    7:14 Мен силерди ага мактап, уятка калган жокмун. Силерге айткандарыбыздын баары чындык болгондой эле, Титке силерди мактаганыбыз да туура болуп чыкты.

    7:15 Баарыңардын тил алчаактыгыңарды, өзүн коркунуч менен кандай ызааттап кабыл алганыңарды үстеген сайын, анын жүрөгү жылыйт.

    7:16 Ошентип, бардык нерседе силерге таяна ала тургандыгыма кубанам.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск