Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Коринфянам 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Иерусалим Жыйыны үчүн жардам чогултуу

    8:1 Бир туугандар, силерди Кудайдын Македониядагы Жыйындарга көрсөткөн ырайымы жөнүндө кабардар кылабыз.

    8:2 Баштарына оор сыноолор келгенине карабастан, алардын кубанычы чоң; өтө жакырдыгына карабастан, алар өтө берешен.

    8:3 Анткени мен алардын чын көңүлдөн, колдорунан келишинче, атүгүл, ашыра беришкенине күбөмүн.

    8:4 Ыйыктарга кызмат кылууга кошкон салымдарын кабыл алышыбызды алар бизден көптөн-көп өтүнүштү.

    8:5 Алар биз күткөндөн да артык кылышты. Алгач өздөрүн Кудайга арнашты, андан кийин Кудайдын эрки менен өздөрүн бизге арнашты.

    8:6 Ошондуктан биз Титтен силердин араңарда баштаган ушул жакшы ишин да аягына чыгарышын өтүндүк.

    8:7 Силерде бардыгы мол: ишенимге, сөзгө, билимге байсыңар, бардык жагынан тырышчааксыңар, бизди чын дилиңер менен сүйөсүңөр, эми ушул кайрымдуулук ишинде да ынталуулук көрсөткүлө.

    8:8 Муну мен силерге буйрук иретинде айткан жокмун. Башкалардын ынталуулугуна салыштыруу аркылуу силердин сүйүэңөрдү да сынап жатам.

    8:9 Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы силерге белгилүү, Ал өзү бай болуп туруп, силер үчүн жардыланды. Силер Анын жардылыгы аркылуу бай болушуңар үчүн ошентти.

    8:10 Бул нерсеге карата мен өз оюмду айтайын: бул ишти жаңы эле баштабастан, өткөн жылы эле өз каалоосу менен баштаган силер үчүн бул пайдалуу.

    8:11 үми бул ишти аягына чыгаргыла. өзүңөр каалап баштаган ишти өз мүмкүнчүлүгүңөргө жараша аягына чыгаргыла.

    8:12 Бергенге каалоосу болсо, колунда жок нерсеге жараша эмес, колунда болгон нерсеге жараша кабыл алынат.

    8:13 Башкаларга жеңилдик болуп, силерге оордук түшпөсүн, тескерисинче, теңдик болсун.

    8:14 Теңдик болуш үчүн, азыр силердин ашык нерсеңер тигилердин кем-карчын толуктоого жумшалсын, кийин тигилердин ашык нерсеси силердин кем-карчыңарды толуктоого жумшалсын.

    8:15 Ыйык Жазууда: «Көп жыйнаган адамдыкы ашып калган жок, аз жыйнаган адамдыкы жетпей калган жок», – деп жазылган.

    8:16 Титтин жүрөгүндө силерге карата ушундай камкордукту пайда кылган Кудайга ыраазымын.

    8:17 Анткени мен да андан өтүнгөм, бирок анын өзүндө эле ушунчалык каалоо бар болгондуктан, ал силерге өз ыктыяры менен кетти.

    8:18 Тит менен кошо дагы бир бир тууганды жибердик. Ал Жакшы Кабар тараткандыгы үчүн бардык Жыйындар тарабынан макталып жүрөт.

    8:19 Анын үстүнө, бул бир тууган ушул кайрымдуулук ишин аткарууда биз менен чогуу жүрүш үчүн, Жыйындар тарабынан дайындалган. Биз бул ишти Теңирди даңкташ үчүн жана жардам берүүгө даяр экенибизди көрсөтүш үчүн кылып жатабыз.

    8:20 Биз аны өзүбүз жыйнаган бул мол жардам тууралуу кимдир бирөөдөн жеме угуудан сактануу үчүн жибердик.

    8:21 Анткени биз Теңирдин алдында эле эмес, адамдардын алдында да таза болууга аракеттенебиз.

    8:22 Аны менен кошо дагы бир бир тууганыбызды жиберип жатабыз. Анын ынтасы көп жолу көп жагынан сыналган. Азыр анын ынтасы мурдагыдан да артты, анткени ал силерге бекем ишенет.

    8:23 Тит жөнүндө айтсам: ал менин жолдошум, силердин араңарда кызмат кылган кызматташым. Берки бир туугандар болсо – Жыйындар тарабынан жиберилген өкүлдөр, алар – Машайактын даңкы.

    8:24 Ошентип, Жыйындардын алдында аларга өзүңөрдө сүйүү бар экендигин жана силер менен мактанганыбыздын жөнү бар экендигин көрсөткүлө.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск