Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Коринфянам 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Корунт Жыйынынын жардам чогултуусу

    9:1 Ыйыктарга жардам берүү тууралуу силерге жазганым ашыкча эле болот деп ойлойм.

    9:2 Анткени мен силердин жардам берүүгө даяр экениңерди билем. «Ахаядагылар өткөн жылдан бери эле даяр», – деп, македониялыктарга ошон үчүн мактанып жүргөм. Силердин аракетиңер көптөргө дем берди.

    9:3 Силерди мактап жүргөнүм куру сөз болуп калбаш үчүн, мен айткандай даяр турушуңар үчүн, бир туугандарды жибердим.

    9:4 Мени менен бирге барган македониялыктар силердин даяр эмес экениңерди көрсө, силер эмес, силерди бекем ишеним менен мактап жүргөн биз уятка калабыз.

    9:5 Ошондуктан мен бир туугандардан силерге бизден мурун барууларын суранууну туура таптым. Алар өзүңөр убадалаган тартууларыңарды оор салык катары эмес, тартуу катары алдын ала даярдоонун камын көрүшөт.

    9:6 Айтарым бул: «Аз эккен аз жыйнайт, мол эккен мол жыйнайт».

    9:7 Кыйналып же аргасыз болуп эмес, ар кимиң жүрөгүңдөн чыкканды бер. Анткени Кудай чын көңүлү менен берген адамды сүйөт.

    9:8 Ар дайым бардык нерсеңер жетиштүү болуп, жакшы иштерге бай болушуңар үчүн, силерди ар кандай жакшы нерселерге байытууга Кудайдын кудурети жетет.

    9:9 Ыйык Жазууда: «Жакырларга марттык менен таратып берди. Анын адилеттиги түбөлүк болот», – деп жазылган.

    9:10 Єрөн себүүчүгө эрөн, жегенге нан берген Кудай сепкен эрөнүңөрдүн түшүмүн да мол кылып, адилеттигиңердин жемишин арттырат.

    9:11 Бардык нерсеге бай, жоомарт болушуңар үчүн ошондой кылат. Ошентип, силердин жоомарттыгыңар бизде Кудайга болгон ыраазычылыкты жаратат.

    9:12 Анткени бул кызмат ыйыктардын кем-карчын толуктоо менен гана чектелбестен, көп адамдарда Кудайга болгон чексиз ыраазычылыкты жаратат.

    9:13 Анткени бул кызматтын натыйжасын көргөндө, өзүңөр кабыл алган Машайактын Жакшы Кабарына моюн сунуп, алар менен жана башкалар менен чын ниеттен мамилелешип жаткандыгыңар үчүн, алар Кудайды даңктап жатышат.

    9:14 Силерде Кудайдын ырайымы мол болгондуктан, силерди жакын санап, силер үчүн сыйынып жатышат.

    9:15 Сөз менен айтып жеткире алгыс улуу белеги үчүн Кудайга даңк!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск