Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Коринфянам 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Пабылдын өз кызматын коргоосу

    10:1 Араңарда жүргөндө момун, алыста жүргөнүмдө кайраттуу деп эсептелинген мен, Пабыл, Машайактын момундугу жана ырайымдуулугу менен силерден өтүнөм.

    10:2 Силерге эскерте кетейин: мен келгенде, бизди адамдык кылып жатат деп эсептеген адамдарга каршы көрсөтөйүн деп жүргөн кайраттуулугумду силерге каршы көрсөтпөгүдөй болоюн.

    10:3 Бул дүйнөдө жашап жатканыбыз менен, адамдык кылып күрөшпөйбүз.

    10:4 Анткени күрөшө турган куралдарыбыз адамдык куралдар эмес, алар – чептерди талкалаган Кудайдын күчүнө эү куралдар.

    10:5 Алар менен биз Кудайды таанып билүүгө каршы турган ар кандай ойлорду, менменсинүүчүлүктү талкалайбыз жана ар кандай ой жүгүртүүлөрдү Машайакка тил алдыруу үчүн туткундайбыз.

    10:6 Силер тил алгандан кийин, биз тил албагандарды жазалоого даярбыз.

    10:7 Көз алдыңардагыны карагылачы! Ким өзүнүн Машайакка таандык экенине бекем ишенсе, ал ойлонуп көрсүн. Анткени ал Машайакка таандык болгондой эле, биз да Машайакка таандыкпыз.

    10:8 Теңирдин бизге силерди зыянга учуратуу үчүн эмес, бекемдөө үчүн берген бийлиги менен ашыра мактанып койсом, уят болбойм деп ойлойм.

    10:9 Бирок мен силерди каттарым менен коркутуп жаткандай болбоюн.

    10:10 Анткени күү бирөөлөр мени: «Каттарында курч жана кайраттуу болгону менен, бетме-бет келгенде, алсыз, сөзү өтүмсүз», – дешет экен.

    10:11 Ушинтип айтып жүргөндөр билип коюшсун: көзүбүз жокто, катыбызда кандай болсок, бетме-бет келгенде деле ошондойбуз.

    10:12 өзүн өзү мактагандарга теңелүүгө, өзүбүздү аларга салыштырууга батынбайбыз. өздөрүнө өздөрү баа берип, өздөрүн өздөрүнө салыштырышканы – акылсыздык.

    10:13 Биз ашыкча мактанбайбыз, Кудай белгилеген чекте мактанабыз. Бул чек силерди да камтыйт.

    10:14 Силерге жете элек болгонсуп күч жумшабайбыз. Анткени биз Машайактын Жакшы Кабары менен силерге да жеткенбиз.

    10:15 Биз ашыкча мактанбайбыз, башка бирөөлөрдүн эмгеги менен да мактанбайбыз. Тескерисинче, ишенимиңер өскөн сайын, силердин араңардагы иш-аракетибиз да көбөйөт деп эмүттөнөбүз.

    10:16 Жакшы Кабарды силерден нары жашагандарга да таратабыз, биз башка бирөөнүн даяр эмгеги менен мактанбайбыз.

    10:17 Мактанган адам Теңир менен мактансын.

    10:18 Мактоого өзүн өзү мактаган адам эмес, Теңир мактаган адам татыктуу.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск