Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Коринфянам 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    үлчилер – Жаңы Келишимдин кызматчылары

    3:1 Чыны менен эле, биз өзүбүздү силерге кайрадан тааныштырышыбыз керекпи? Чыны менен эле, биз күү бирөөлөр сыяктуу силерге мактоо катын жазганга же силерден ошондой кат алганга муктажбызбы?

    3:2 Жүрөгүбүзгө жазылган, бардык адамдар таанышып да, окуп да жаткан биздин катыбыз силерсиңер.

    3:3 Силер биздин кызматыбыз аркылуу сыя менен эмес, тирүү Кудайдын Руху менен, таш лоокторго эмес, жүрөктүн эт лоокторуна жазылган Машайактын каты экендигиңерди өзүңөр эле көрсөтүп жатасыңар.

    3:4 Биз Кудайдын алдында Машайак аркылуу ушундай ишенимге эү болдук.

    3:5 Биз өзүбүз бир нерсе жөнүндө ойлонууга жөндөмдүү эмеспиз, биздин жөндөмдүүлүгүбүз Кудайдан.

    3:6 Ал бизге Жаңы Келишимдин кызматчылары болууга жөндөмдүүлүк берди. Бул кызмат болсо – мыйзам тамгасына эмес, Рухка негизделген кызмат. Анткени мыйзам тамгасы өлтүрөт, ал эми Рух өмүр берет.

    3:7 Мусанын жүзүнөн өчө турган нур чачырап тургандыктан, Ысрайыл уулдары анын жүзүн карай алышкан эмес. Ташка чегилип жазылган, өлүм алып келүүчү мыйзам тамгасынын кызматы ушундай даңктуу болсо,

    3:8 Рухтун кызматы андан бетер даңктуу.

    3:9 Адамды айыптоо кызматы даңктуу болсо, адамды актоо кызматы андан бетер даңктуу.

    3:10 Азыр даңкталып жаткан кызмат менен салыштырганда, мурун даңкталган кызмат даңктуу болбой калат.

    3:11 Анткени өтүп кетчү кызмат даңктуу болгон болсо, азыркы кызмат андан бетер даңктуу.

    3:12 Ушундай эмүтүбүз бар болгондуктан, кайраттуулук менен кызмат кылып жатабыз.

    3:13 Жүзүндөгү нурдун өчүп бара жатканын Ысрайыл уулдары көрбөсүн деп, жүзүнө жабуу жаап алган Мусадай эмеспиз.

    3:14 Бирок Ысрайыл уулдарынын акылы караңгыланып калган. Анткени Байыркы Келишимди окуп жаткан алардан ошол жабуу ушул күнгө чейин алынбай турат. Ал жабууну Машайак гана алып сала алат.

    3:15 Муса пайгамбардын китептерин окуп жатышкан алардын жүрөктөрүндө ушул күнгө чейин жабуу бар.

    3:16 Бирок Теңирге кайрылышканда, ал жабуу алынат.

    3:17 Теңир – Рух, Теңирдин Руху болгон жерде – эркиндик.

    3:18 Биз баарыбыз жабуусуз жүзүбүз менен Теңирдин даңкын чагылдырып турабыз. Биз Ага окшошкон сайын, бир даңктан бир даңкка өтүп, өзгөрүлүп жатабыз. Бул Теңирдин Руху аркылуу болуп жатат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск