Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Коринфянам 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    2:1 Ошондуктан мен дагы барып силерди капалантпаш үчүн, келбей эле коёюн деп чечтим.

    2:2 үгерде мен силерди капа кылган болсом, капа болуп калган силерден башка мени ким кубантат?

    2:3 Барганымда, мени кубантчу адамдар мени капалантышпагандай болсун деп, буларды жаздым. Менин кубанычым жалпыңардын кубанычыңар болот деп, бекем ишенем.

    2:4 Силерди капа кылыш үчүн эмес, менин силерге болгон терең сүйүүмдү сезишиңер үчүн, кайгыга батып, жүрөгүм сыздап, көз жашымды төгүп жаздым.

    Күнөөсү үчүн кечирим сураган адамды кечирүү

    2:5 үгерде кимдир бирөө мени капа кылса, мени эмес, кандайдыр бир деңгүүлде (ашыра айтпайын) баарыңарды капа кылды.

    2:6 Мындай адамга көпчүлүктүн бул жазасы жетиштүү.

    2:7 Кайгыга чөгүп мүңкүрөп калбашы үчүн, ал адамды кечирип, сооротконуңар жакшы.

    2:8 Ошондуктан ага сүйүү менен мамиле кылууңарды суранам.

    2:9 Мен муну силерге бардык учурда эле тил алар-албасыңарды иш жүзүндө көрүш үчүн жаздым.

    2:10 Кимди кечирсеңер, мен да аны кечирем. эгерде мен бирөөнү кечирсем, силер үчүн Машайактын атынан кечирдим.

    2:11 Шайтан бизге зыян келтирбеши үчүн кечирдим. Анткени анын арам ойлору бизге белгилүү.

    2:12 Машайактын Жакшы Кабарын таратыш үчүн, Троаска келгенимде, Теңир аркылуу бул жерде Жакшы Кабар таратуу үчүн, эшик ачык болгонуна карабастан, рухум тынчтана албады.

    2:13 Анткени мен бир тууганым Титти ал жерден таппай койдум. Алар менен коштошуп, Македонияга жөнөп кеттим.

    Машайак жолундагы жеңиш

    2:14 Машайак аркылуу бизге ар дайым жеңиш берген жана өзүн таанып билүүнүн жагымдуу жытын ар кайсы жерде биз аркылуу таратып жаткан Кудайга ыраазыбыз!

    2:15 Анткени Кудай үчүн биз куткарыла тургандардын арасында да, өлүмгө бара жаткандардын арасында да Машайактын жагымдуу жытыбыз.

    2:16 Бирөөлөр үчүн өлүм алып келген өлүм жыты болсок, башка бирөөлөр үчүн өмүр алып келген өмүр жытыбыз. Андай болсо бул ишке ким жөндөмдүү?

    2:17 Биз көптөргө окшоп Кудайдын Сөзүн бурмалабайбыз. Кудай Сөзүн Кудайдан келген Сөз катары, Кудай алдында, Машайак менен тыгыз байланышта болуп, чын жүрөктөн айтабыз.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск