Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Амос 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    2:1 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Маапты аябайм, анткени ал эдом падышасынын сөөгүн акиташтай болгуча өрттөдү.

    2:2 Маапка от жиберем, ал от Кериоттун падыша сарайларын жалмайт. Ошентип, Маап сурнай тартылып, ызы-чуу, бүлгүн болуп жатканда өлөт.

    2:3 Алардын арасынан башкаруучусун жок кылам, аны менен бирге анын бардык төрөлөрүн өлтүрөм», – дейт Теңир.

    Жүйүт менен Ысрайылдын жазаланары жөнүндө

    2:4 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Жүйүттү аябайм, анткени алар Теңирдин мыйзамдарын четке кагышты, Анын көрсөтмөлөрүн сакташкан жок, ата-бабалары табынган буркандар аларды жолдон чыгарышты.

    2:5 Жүйүткө от жиберем, ал от Иерусалимдин падыша сарайларын жалмайт».

    2:6 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Ысрайылды аябайм, анткени алар адилет адамды күмүшкө, жакырды бир жуп сандалга сатышат.

    2:7 Алар жакырлардын башын топуракка матырууну көксөшөт, момундарды жолдон чыгарышат, атүгүл, Менин ыйык ысымымды булгаш үчүн, атасы менен уулу бир аялга барат.

    2:8 Ар кайсы курмандык чалынуучу жайдын жанында, күрөөгө алынган кийимдердин үстүндө жамбаштап жатышат, айыпкерлерден төлөтүлүп алынган шараптарды өз кудайларынын үйүндө ичишет.

    2:9 Мен болсо алардын көз алдында бийиктиги кедр дарагындай, бекемдиги эмен дарагындай болгон Аморду өлтүрдүм. Мен анын башындагы мөмөсүн, түбүндөгү тамырларын жок кылдым.

    2:10 Мен силерди Мисир жеринен алып чыктым, аморлуктардын жерин мурастап калышыңар үчүн, силерди чөлдө кырк жыл алып жүрдүм.

    2:11 Мен силердин уулдарыңардан пайгамбарларды, уландарыңардан назирлерди чыгардым. Же ушундай эмеспи, Ысрайыл уулдары? – дейт Теңир.

    2:12 Силер болсо назирлерге шарап ичирдиңер, пайгамбарларга: “Пайгамбарлык кылбагыла!” – деп буйрук бердиңер.

    2:13 Боолор жүктөлгөн араба жерди кандай басса, Мен да силерди ошондой басам.

    2:14 Ошондо шамдагай да качып кутула албайт, күчтүү да өзүнүн күчүн көрсөтө албайт, эр жүрөк жоокер да өз өмүрүн сактап кала албайт,

    2:15 жаа тарткыч да туруштук бере албайт, жөө күлүк да качып кете албайт, атчан да өз өмүрүн сактап кала албайт,

    2:16 үр жүрөктөрдүн эң кайраттуусу ошол күнү жылаңач качат», – дейт Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск