Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Амос 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Кудайдын соту жөнүндө пайгамбарчылык

    1:1 Текоялык койчулардын бири Амостун сөздөрү. Ал Жүйүт падышасы Узиянын тушунда, Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жаробамдын тушунда, жер титирерден эки жыл мурун Ысрайыл тууралуу көрүнүш көргөн.

    1:2 Ошондо ал: «Теңир Сиондон күркүрөйт, Иерусалимден эн салат, ошондо койчулардын жайыттары куурайт, Кармел тоосунун чокусу кургайт», – деди.

    1:3 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Дамаскты аябайм, анткени алар Гилатты темир мала менен малалашты.

    1:4 Хазаелдин үйүнө от жиберем, ал от Бенадаттын падыша сарайларын жалмайт.

    1:5 Дамасктын дарбазаларынын бекиткичтерин талкалайм, Абен өрөөнүнүн тургундарын жана эден үйүнөн бийлик таягын кармап турганды жок кылам, арамейлер Кирге туткундалып кетет, – дейт Теңир».

    1:6 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Азаны аябайм, анткени алар бүт элди эдомдун колуна салып берүү үчүн туткундашты.

    1:7 Азанын дубалдарына от жиберем, ал от анын падыша сарайларын жалмайт.

    1:8 Азоттун тургундарын да, Ашкелондо бийлик таягын кармап турганды да жок кылам, колумду экронго бурам, ошондо пелиштиликтердин калдыгы кырылат, – дейт Кудай-Теңир».

    1:9 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Тирди аябайм, анткени алар бардык туткундарды эдомдун колуна салып беришти, бир туугандык келишимди үстешкен жок.

    1:10 Тирдин дубалдарына от жиберем, ал от анын падыша сарайларын жалмайт».

    1:11 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн эдомду аябайм, анткени ал бир тууганын кылыч менен кубалады, бир туугандык сезимин өчүрдү, ал дайыма каарданып турду, өзүнүн жаалын таптакыр токтоткон жок.

    1:12 Тейманга от жиберем, ал от Ботсранын падыша сарайларын жалмайт».

    1:13 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Амон уулдарын аябайм, анткени алар өз жерлерин кеңейтиш үчүн, Гилат жериндеги кош бойлуу аялдардын ичин жара чабышты.

    1:14 Рабенин дубалдарына от коём, ал от анын үйлөрүн салгылашуу күнүндө кыйкырыктар менен, бороон-чапкын күнүндө куюн менен жалмайт.

    1:15 Ошондо алардын падышасы төрөлөрү менен бирге туткундалып кетет, – дейт Теңир».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск