Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоиль 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Жошапаттын өрөөнүндөгү жаза

    3:1 Анткени мына, ошол күндөрдө жана дал ошол мезгилде, Жүйүт менен Иерусалимдин туткундарын кайра алып келгенде,

    3:2 Мен бардык элдерди чогултам, аларды Жошапаттын өрөөнүнө алып келем. Менин элимди, Менин мурасым Ысрайылды, башка элдердин арасына чачыратып жиберишкени үчүн, Менин жеримди бөлүп алышканы үчүн, ошол жерде Мен аларды сотттойм.

    3:3 Алар Менин элим үчүн өкчөмө таш ыргытышты, уландарды берип, бузулган аялдарды сатып алышты, кыздарды сатып, шарап алып ичишти.

    3:4 Тир, Сидон, Пелиштинин бүт аймагы, силерге Менден эмне керек? Мени жазалагыңар келеби? Менден өч алгыңар келеби? Мен силердин жазаңарды оңой эле, тез эле өз башыңарга салам,

    3:5 анткени силер Менин күмүшүмдү, Менин алтынымды алдыңар, Менин эң кымбат асыл буюмдарымды бутканаларыңарга киргизип алдыңар.

    3:6 Жүйүт жана Иерусалим уулдарын өз жеринен алыстатыш үчүн, эллин уулдарына саттыңар.

    3:7 Мына, силер аларды кайсы жерге сатып жиберсеңер, Мен аларды ошол жерден алып чыгам, аларга кылганыңарды өз башыңарга салам.

    3:8 Уулдарыңар менен кыздарыңарды Жүйүт уулдарынын колуна салып берем, Жүйүт уулдары аларды алыста жашаган Шеба элине сатып жиберишет. Теңир ушинтип айтты.

    3:9 Муну элдер арасында жар салгыла, согушка даярдангыла, эр жүрөк жоокерлерди козгогула. Бүт аскерлер көтөрүлүп, согушка чыгышсын.

    3:10 Соколоруңарды кылыч кылып, орокторуңарды найза кылып кайра согуп чыккыла. Алсыз “Мен күчтүүмүн!”» десин.

    3:11 Тездегиле, келгиле, тегеректеги бардык элдер, чогулгула. Теңир, өз баатырларыңды ошол жерге баштап бар.

    3:12 «Бардык элдер көтөрүлүп, Жошапаттын өрөөнүнө түшүшсүн, анткени ар тараптан келген бардык элдерди соттош үчүн, Мен ошол жерде отурам.

    3:13 Орогуңарды алып, оро баштагыла, анткени түшүм жыйноо убагы келди. Келгиле, тебелегиле, анткени жүзүм сыгылуучу жай толду, шарап куйган идиштер ашып-ташып турат, анткени алардын жаман иштери көп.

    3:14 Калың эл, сот боло турган өрөөндө калың эл! Анткени сот боло турган өрөөнгө Теңирдин күнү жакын!

    3:15 Күн менен ай күңүрттөнөт, жылдыздар өз жарыгын жоготушат».

    Ысрайылдын батага эү болушу

    3:16 Теңир Сиондон күркүрөйт, Иерусалимден эн салат. Асман менен жер солкулдайт. Бирок Теңир өз элине коргонуч болот, Ысрайыл уулдарына калканыч болот.

    3:17 «Ошондо өзүмдүн ыйык тоом Сиондо жашаган Кудай-Теңириңер Мен экенимди билесиңер. Иерусалим ыйык жай болот, ошондон кийин ал аркылуу бөтөн уруулар өтүшпөйт.

    3:18 Ошол күнү тоолордон шарап тамат, адырлардан сүт агат, Жүйүттүн бардык сайлары сууга толот, ал эми Теңир үйүнөн булак суусу агып чыгып, Шитим өрөөнүн сугарат.

    3:19 Мисир чөлгө айланат, эдом эүн талаага айланат, анткени алар Жүйүт уулдарын кысымга алышкан, алардын жеринде жазыксыз кан төгүшкөн.

    3:20 Жүйүт болсо түбөлүк жашайт, Иерусалим кылымдан кылымга жашайт.

    3:21 Мен алардын каны үчүн буга чейин албаган өчүмдү алам, анткени Теңир Сиондо жашайт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск