Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоиль 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Теңирдин күнү

    2:1 «Сиондо сурнай тарткыла, Менин ыйык тоомдо чуу көтөргүлө. Жердин бардык тургундары титиресин, анткени Теңирдин күнү келе жатат, анткени ал жакын.

    2:2 Ал – караңгылыктын жана караңгынын күнү, ал – булуттуу жана тумандуу күн. Тоолордун үстүнө чачыраган таңкы жарыктай болуп, сансыз көп жана күчтүү бир эл келе жатат, мындай эл кылымдардан бери болгон эмес, мындан ары да, укумдан-тукумга болбойт.

    2:3 Анын алдындагы от жалмап жатат, ал эми артындагы жалын куйкалап жатат. Жер анын алдында эйден багы сыяктуу, ал эми анын артында эүн калган талаа сыяктуу, андан качып кутулган үч ким жок.

    2:4 Анын көрүнүшү аттардын көрүнүшүндөй, алар атчан аскерлердей чаап келе жатышат.

    2:5 Алар тоолордун чокусундагы арабалардын дүңгүрөгөн добушундай, саманды жалмаган жалындаган оттун чартылдагындай, согушка тизилген күчтүү элдей чаап келе жатышат.

    2:6 Аны көргөндө, элдер титиреп жатышат, бардыгынын өңү кумсарып жатат.

    2:7 Алар жоокерлерге окшоп жүгүрүп келе жатышат, эр жүрөк аскерлерге окшоп дубалдарга чыгып жатышат, ар бири өз жолу менен келе жатат, өз жолунан адашпай келе жатат.

    2:8 Алар бири-бирин жөөлөбөй, ар бири өз жолу менен келе жатат, найзаларга жыгылып жатышат, бирок үч кандай зыянга учурашкан жок.

    2:9 Шаарды аралап чуркап жүрүшөт, дубалдарга чыгып жатышат, үйлөрдүн үстүнө чыгып жатышат, ууруларга окшоп терезелерден кирип жатышат.

    2:10 Алардын алдында жер титиреп жатат, асман солкулдап жатат, күн менен ай күңүрттөнүп жатат, жылдыздар да өз жарыгын жоготуп жатат».

    2:11 Теңир өз аскерлеринин алдында эн салып жатат, анткени Анын кошууну сансыз, Анын сөзүн аткаруучу өтө кубаттуу. Анткени Теңирдин күнү улуу жана өтө коркунучтуу, ага ким туруштук бере алат?

    Кудайдан кечирим суроого чакыруу

    2:12 Бирок Теңир азыр да: «Мага бүт жүрөгүңөр менен, орозо менен, ый менен, өкүрүк менен кайрылгыла», – деп жатат.

    2:13 Кийимиңерди эмес, жүрөгүңөрдү тыткыла, Кудай-Теңириңерге кайрылгыла, анткени Ал жакшы жана боорукер, чыдамдуу жана абдан ырайымдуу, Ал алаамат жибергени үчүн өкүнөт.

    2:14 Ким билет, балким, Ал боор ооруп, силердин Кудай-Теңирге арнаган нан курмандыгыңарды, куюлуучу курмандыгыңарды – батасын калтырар.

    2:15 Сиондо сурнай тарткыла, орозо белгилегиле, жыйын жарыя кылгыла.

    2:16 үлди чогулткула, жыйын чакыргыла, карыяларды чакыргыла, жаш уландарды, эмчектеги наристелерди чогулткула. Күйөө өз үйүнөн, колукту өз бөлмөсүнөн чыгып келсин.

    2:17 Теңир үйүнүн кире бериш бөлмөсү менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда ыйык кызмат кылуучулар, Теңирдин кызматчылары: «Теңир, өз элиңди ая, өз мурасыңды шылдыңга калтырба, башка элдер аны кордошпосун! элдер арасында “Булардын Кудайы кайда?” деп айтылган сөздүн эмне кереги бар?» – деп ыйлашсын.

    Теңирдин куткарууну убада кылышы

    2:18 Ошондо Теңир өз жерине жан тартты, өз элин аяды.

    2:19 Теңир өз элине мындай деп жооп берди: «Мына, Мен силерге дан, шарап жана зайтун майын жиберем, аларга тоёсуңар, мындан ары силерди башка элдерге шылдың кылдырбайм.

    2:20 Түндүктөн келген душманды силерден алыстатып, суусуз, эүн жерге кууп жиберем, анын алды жактагы аскерин чыгыш деңизине, арт жактагы аскерин батыш деңизине кууп жиберем, ошондо андан өтө сасык жыт чыгат, андан каңырсыган жыт көтөрүлөт, анткени ал көп жамандык жасады.

    2:21 Жер, коркпо! Кубан, шаттан, анткени улуу Теңир муну кыла алат!

    2:22 Коркпогула, жаныбарлар, анткени чөлдөгү жайыттар көгөрөт, дарак өз мөмөсүн берет, анжыр менен жүзүм сабагы өз күчүн көрсөтөт.

    2:23 Силер да, Сион уулдары, Кудай-Теңириңер жөнүндө кубангыла, шаттангыла, анткени Ал өзүнүн ырайымы менен силерге жамгыр берет, силерге эрте жамгыр менен кеч жамгырды мурункудай жаадырат.

    2:24 Кырмандар данга толот, жүзүм сыгылуучу жай жүзүмгө, май сыккыч майга толот.

    2:25 Силерге каршы жиберген өзүмдүн калың аскерим болгон чегиртке, курт, коңуз жана кырк аяк ошол жылдары жеп койгон бардык нерсенин ордун толтурам.

    2:26 Тойгончо жейсиңер, тоёсуңар, силерге керемет көрсөткөн Кудай-Теңириңердин ысымын даңктайсыңар, Менин элим түбөлүккө шылдың болбойт.

    2:27 Ошондо Менин Ысрайылдын арасында экенимди, силердин Кудай-Теңириңер экенимди, Менден башка Кудай жок экенин билесиңер, Менин элим түбөлүккө шылдың болбойт.

    Теңирди чакыргандардын куткарылары жөнүндө

    2:28 Ошондон кийин мындай болот: Мен ар бир адамдын үстүнө өз Рухумду төгөм, ошондо уулдарыңар менен кыздарыңар пайгамбарчылык кылышат, карыяларыңар түш көрүшөт, жаш балдарыңар көрүнүш көрүшөт.

    2:29 Ошол күндөрү Мен кулдардын үстүнө да, күңдөрдүн үстүнө да өз Рухумду төгөм.

    2:30 Асманда да, жерде да жышаандарды көрсөтөм, алар: кан, от жана көтөрүлгөн түтүн.

    2:31 Теңирдин улуу, коркунучтуу күнү келер алдында күн караңгылайт, ай кандай болуп кызарат.

    2:32 Ошондо мындай болот: Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат, анткени Теңир айткандай, Сион тоосунда жана Иерусалимде куткарылуу болот, Теңир өзү чакырган адамдар да куткарылышат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск