Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Амос 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Теңирдин Жакыптын тукумуна каршы өкүм чыгарышы

    3:1 «Ысрайыл уулдары, Теңирдин силерге каршы айткан сөзүнө кулак салгыла, Мен Мисир жеринен алып чыккан бардык урууга каршы мындай дейм:

    3:2 “Жердеги бардык уруулардын ичинен Мен силерди гана тандап алдым, ошондуктан бардык мыйзамсыздыгыңар үчүн Мен силерди жазалайм”.

    3:3 үки адам өз ара макулдашпай туруп жолго чыгабы?

    3:4 Алдында жем жок болсо, токойдо арстан ырылдайбы? үч нерсе кармабаса, жаш арстан үңкүрүнөн эн салабы?

    3:5 Жердеги тордо жем жок болсо, куш торго түшөбү? Торго үч нерсе түшпөсө, тор жерден көтөрүлөбү?

    3:6 Шаарда сурнай тартылганда, эл коркпой коймок беле? Теңир жол бербесе, шаарда алаамат болмок беле?

    3:7 Анткени Кудай-Теңир өз кулдары – пайгамбарларга өзүнүн жашыруун сырын ачпай туруп, үч нерсе жасабайт.

    3:8 Арстан айкыра баштаганда, ким солк этпейт? Кудай-Теңир сүйлөгөндө, ким пайгамбарлык кылбайт?

    3:9 Азоттогу жана Мисир жериндеги чептердин үстүнөн: “Самария тоолоруна чогулгула, анын ичиндеги чектен чыккан баш аламандыкты, ал жердеги ырайымсыздыкты көргүлө”, – деп жар салгыла.

    3:10 Алар адилеттик боюнча иш кылганды билишпейт, – дейт Теңир, – алар үйлөрүнө зордук-зомбулук жана талап-тоноочулук менен байлык жыйнашат».

    3:11 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мына душман бүт жерди курчайт! Ал сенин күчүңдү алсыратат, сенин үйлөрүң таланып-тонолот».

    3:12 Теңир мындай дейт: «Койчу арстандын оозунан койдун эки шыйрагын же кулагынын бир бөлүгүн кандай сууруп алса, Самарияда төшөгүнүн бир четинде отурган, Дамаскта төшөгүнүн үстүндө жаткан Ысрайыл уулдары ошондой куткарылышат.

    3:13 Уккула, Жакыптын тукумуна каршы күбөлөндүргүлө, – дейт Кудай-Теңир, Себайот Кудай.

    3:14 Анткени Мен Ысрайылды өз кылмыштары үчүн жазага тарткан күнү Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайлары үчүн да жазага тартам, ошондо курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрү кыйылып, жерге түшөт.

    3:15 Мен кышкы эйдү жайкы эй менен кошо кыйратам, пил сөөгү менен кооздолгон үйлөр талкаланат, көп үйлөр жок кылынат, – дейт Теңир».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск