Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Амос 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    4:1 Самария тоосундагы Башан кунажындары, силер, кедей-кембагалдарды кысымга алгандар, жакырларды эзгендер, өз мырзаларына: «Алып кел, ичели!», – дегендер, бул сөздү уккула!

    4:2 «Силерди илмектер менен, тирүү калгандарды кайырмактар менен сүйрөп кете турган күндөр келет деп, Кудай-Теңир өзүнүн ыйыктыгы менен ант берди.

    4:3 Ошондо баарыңар дубалдын тешиктеринен чыгып, Армон тоолоруна ыргытыласыңар, – дейт Теңир.

    Ысрайылдын тоң моюндугу

    4:4 Бейтелге баргыла да күнөөгө баткыла, Гилгалга жөнөгүлө да кылмышыңарды көбөйткүлө. Курмандыгыңарды ар бир таңда чалгыла, ал тургай, ондуктарыңарды үч күндө бир алып баргыла.

    4:5 Ыраазычылык курмандыгына ачыткы кошулган курмандыкты алып келгиле, өз каалооңор менен алып келген тартууларыңар жөнүндө жарыя кылгыла, алар жөнүндө жар салгыла, анткени, Ысрайыл уулдары, силер ушундай кылганды жакшы көрөсүңөр,– дейт Кудай-Теңир.

    4:6 Ошон үчүн Мен силерге бардык шаарларыңарда таза тиштерди бердим, бардык айыл-кыштактарыңарда нанды тартыш кылдым. Бирок силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.

    4:7 Оруп-жыюуга дагы үч ай бар болсо да, Мен жамгыр жаадырган жокмун, бир шаарга жамгыр жаадырдым, ал эми экинчи шаарга жамгыр жаадырган жокмун. Бир жер жамгырга сугарылды, ал эми жамгырга сугарылбаган жер кургады.

    4:8 Ошондо суу ичиш үчүн, эки-үч шаардын эли бир шаарга чогулуп жатты, бирок суусундарын кандыра иче алышкан жок. Ошондо да силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.

    4:9 Мен силерди эгиниңерге дат каптатып, аны саргартып жазаладым. Көп сандаган жемиш бактарыңарды, жүзүмзарларыңарды, анжыр дарактарыңарды, зайтун дарактарыңарды кырк аяк жеди, ушунун бардыгына карабастан, силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.

    4:10 Мен силерге Мисирге жибергендей жугуштуу оору жибердим, уландарыңарды кылыч менен өлтүрдүм, аттарыңарды туткундап кеттим, кошуундарыңардан чыккан сасык жыт каңылжаарыңарды жарды, ушунун бардыгына карабастан, силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.

    4:11 Содом менен Аморду кандай кыйратсам, Мен силерди ошондой кыйраттым, ошондо силер оттон алынган чычаладай болдуңар, ушунун бардыгына карабастан, силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.

    4:12 Ошон үчүн, Ысрайыл, Мен сага ушундай кылам. Мен сага ушундай кылганы жаткандыктан, Ысрайыл, сен өз Кудайың менен жолугушууга даярдан.

    4:13 Анткени Ал – тоолор менен шамалды жараткан, ойлорун адамга билдирген, таңкы жарыкты караңгылыкка айланткан, жердин бийиктиктеринде басып жүргөн Теңир, Анын ысымы – Себайот Кудай-Теңир».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск