Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Амос 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Теңирге кайрылууга чакыруу

    5:1 Ысрайыл, мына бул сөзгө, силер тууралуу кошогума кулак салгыла:

    5:2 Ысрайыл кызы жыгылды, эми ал мындан ары турбайт! Ал өз жеринде кулатылды, аны тургузар үч ким жок».

    5:3 Анткени Кудай-Теңир: «Ысрайылда миң аскери менен чыккан шаардын жүз аскери гана калат, жүз аскери менен чыккан шаардын он аскери гана калат», – деп жатат.

    5:4 Анткени Теңир Ысрайылга мындай деп жатат: «Мени издегиле, ошондо тирүү болосуңар.

    5:5 Бейтелди издебегиле, Гилгалга барбагыла, Бейер-Шебага өтпөгүлө, анткени Гилгал бүт бойдон туткунга кетет, Бейтел болсо жок болот».

    5:6 Теңирди издегиле, ошондо тирүү болосуңар, Анын каары Жусупка от сыяктуу жалындап, аны жалмап салбасын, Бейтелде ал отту өчүрө турган үч ким болбойт.

    5:7 Оо, силер, адилеттикти эрменге айланткандар, чындыкты тебелегендер!

    5:8 Жети Аркар жана Алты Аркар топ жылдыздарын ким жаратты, өлүм көлөкөсүн жарык таңга ким айлантат, күндү ким түндөй караңгы кылат, ким деңиз сууларын чакырып, жер бетине төгөт? Анын ысымы – Теңир!

    5:9 Ал кыйратуучуну күчтүүгө каршы чыңдайт, ошондо кыйратуучу сепилге кирет.

    5:10 Алар болсо дарбазанын алдында ашкере кылган адамды жек көрүшөт, чындыкты сүйлөгөн адамдан жийиркенишет.

    5:11 Силер жакырды тебелеп-тепсеп, анын нанынын жакшысын тартып алып жатканыңар үчүн, жылмаланган таштардан үйлөрдү курсаңар да, ал үйлөрдө жашабайсыңар, эң сонун жүзүмзарларды өстүрсөңөр да, алардын шарабын ичпейсиңер.

    5:12 «Анткени Мен силердин кылмышыңар канчалык көп экенин, күнөөлөрүңөрдүн кандай оор экенин билем: силер адил адамдын душманысыңар, пара алып, сотто кедей-кембагалдардын иштерин бурмалайсыңар».

    5:13 Ошондуктан акыл-үстүү адам бул мезгилде унчукпайт, анткени бул – жаман мезгил.

    5:14 Тирүү калыш үчүн, жамандыкты эмес, жакшылыкты издегиле. Ошондо өзүңөр айтып жаткандай, Себайот Кудай-Теңир силер менен болот.

    5:15 Жамандыкты жек көргүлө, жакшылыкты сүйгүлө, дарбазаңардын алдында акыйкаттыкты жактагыла. Балким, Себайот Кудай-Теңир Жусуптун калдыгына ырайым кылар.

    5:16 Ошондуктан Бардыгын Кармап Туруучу, Себайот Кудай-Теңир, мындай дейт: «Бардык аянттарда ый болот, бардык көчөлөрдө: “Аттиң! Аттиң!” – деп кыйкырышат. Дыйканды өкүргөнгө, мыкты кошокчуларды кошок кошконго чакырышат.

    5:17 Бардык жүзүмзарларда ый болот, анткени Мен сени аралап өтөм, – дейт Теңир.

    5:18 Теңирдин күнүн каалагандарга кайгы! Силерге Теңирдин ал күнүнүн эмне кереги бар? Ал күн – жарык эмес, караңгы күн.

    5:19 Ал күн – арстандан качкан адамдын алдынан аюу чыккандай, же үйүнө келип, колу менен дубалга таянган адамды жылан чаккандай болгон күн.

    5:20 үмне, Теңирдин күнү караңгы эмеспи, жарыкпы? Ал караңгы, анда жаркыроо да жок.

    5:21 Силердин майрамдарыңарды четке кагам, аларды жек көрөм, салтанаттуу жыйындарыңарда чалган курмандыктарыңарды жыттабайм.

    5:22 Мага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жана нан курмандыгын алып келсеңер да, Мен аларды кабыл албайм жана семиз букачарлардан чалган тынчтык курмандыгыңарды карабайм.

    5:23 Ырларыңдын үнүн Менден алыс кыл, анткени Мен сенин арфаларыңдын үнүн укпайм.

    5:24 Акыйкаттык суудай, чындык тынбай аккан дарыядай агып турсун!

    5:25 Ысрайыл, силер чөлдө жүргөн кырк жыл ичинде Мага арнап курмандыктарды, нан курмандыктарын чалдыңар беле?

    5:26 Силер Молохтун чатырын жана өзүңөр үчүн жасап алган кудайыңардын жылдызы болгон Райпан бурканыңарды көтөрүп жүрдүңөр.

    5:27 Ошон үчүн Мен силерди Дамасктан ары көчүрүп жиберем, – дейт Теңир. Анын ысымы – Себайот Кудай!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск