Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Амос 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Ысрайылдын талкаланышы

    6:1 Сиондо бейкапар жаткан, Самария тоосуна эмүттөнүп бейгам жаткан, элдердин арасында биринчилер деп аталган, Ысрайыл тукуму келип турган адамдарга кайгы!

    6:2 Калнейге өткүлө да, карап көргүлө. Ал жерден улуу Хаматка баргыла, анан пелиштиликтердин Гат шаарына түшкүлө. Алар бул падышачылыктардан жакшы бекен? Алардын жери силердин жериңерден кенен бекен?

    6:3 Силер алаамат күндү алыс деп эсептеп, зомбулуктун бийлигин жакындатып жатасыңар,

    6:4 пил сөөгүнөн жасалган сөрүдө жатасыңар, төшөктө керилип жатасыңар, койлордун эң жакшысын, оттуу жайыттагы букачарларды жеп жатасыңар,

    6:5 гуслинин коштоосунда ырдап, аспапта Дөөткө окшоп ойнойбуз деп ойлойсуңар,

    6:6 шарапты ченебей ичип, эң жакшы майлар менен майланасыңар, Жусуптун кайгысын бөлүшпөйсүңөр!

    6:7 Ошон үчүн силер азыр туткундардын алдында туткундалып кетесиңер. Ошентип, керилип жаткандар, силердин кубанычыңар токтойт.

    6:8 Кудай-Теңир өзү менен ант берип жатат, Себайот Кудай-Теңир мындай деп жатат: «Жакыптын текебердигинен жийиркенем, анын үйлөрүн жек көрөм, ошондуктан Мен шаарды жана анын ичинде эмне болсо, ошонун баарын душмандын колуна салып берем.

    6:9 Ошондо мындай болот: кайсы бир эйдө он адам калса, алар да өлөт.

    6:10 Ошондо алардын тууганы же сөөк өрттөөчү адам алардын сөөктөрүн эйдөн алып чыгып бара жатып, эйдүн жанында тургандан: “Жаныңда дагы киши барбы?” – деп сурайт. Тигил: “үч ким жок”, – деп жооп берет. Анда ал ага: “Унчукпа! Анткени Теңирдин ысымын эскерүүгө болбойт”, – деп айтат.

    6:11 Анткени мына, Теңир буйрук берип, чоң үйлөрдү уратат, кичине үйлөрдү жарака кетирип кыйратат.

    6:12 Аттар аска менен чуркай алабы? Асканы өгүз менен айдоого болобу? Силер болсо акыйкаттыкты ууга, чындыктын жемишин эрменге айланттыңар.

    6:13 Силер болбогон нерселерге кубанып: “Биз бул кудуретке өзүбүздүн күчүбүз менен эү болгон жокпузбу?” – дейсиңер.

    6:14 Мына, Мен, – дейт Себайот Кудай-Теңир, – Ысрайыл, силерге каршы бир элди көтөрөм, ошондо ал эл силерди Хаматтын кире беришинен чөл суусуна чейин эзет».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск