Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Амос 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Ысрайыл менен Жүйүттүн жазаланары жөнүндөгү үч көрүнүш

    7:1 Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, жайкы чөп чыга баштаганда, Теңир чегирткени жаратты. Ал чөп падышанын чөп чабыгынан кийин чыккан чөп эле.

    7:2 Чегиртке жердеги чөптөрдү жеп бүткөндө, мен: «Кудай-Теңир, ырайым кыла көр. Жакып кантип туруштук берет? Ал өтө эле кичине», – дедим.

    7:3 Ошондо Теңир өкүнүп: «Андай болбойт», – деди.

    7:4 Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, жазалаш үчүн, Кудай-Теңир от чыгарды, ошондо ал от түпкүрдөгү чоң сууларды, жердин бир бөлүгүн жалмады.

    7:5 Ошондо мен: «Кудай-Теңирим, токтото көр! Жакып кантип туруштук берет? Ал өтө эле кичине», – дедим.

    7:6 Ошондо Теңир өкүнүп: «Бул да болбойт», – деди.

    7:7 Ал мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, Теңир тик дубал үстүндө турат, Анын колунда жипке асма коргошун салмоор бар.

    7:8 Теңир мага: «Амос, сен эмнени көрүп турасың?» – деди. Мен: «Жипке асма салмоорду», – деп жооп бердим. Анан Теңир мындай деди: «Мына, Мен өз элим Ысрайылдын ортосуна жипке асма салмоор коём. Мындан ары ага кечирим кылбайм.

    7:9 Ыскактын курмандык чалынуучу бийиктиктери кыйратылат, Ысрайылдын ыйык жайлары талкаланат. Жаробамдын тукумуна кылыч менен каршы чыгам».

    Амос жана Аматсия

    7:10 Бейтелдин ыйык кызмат кылуучусу Аматсия Ысрайылдын падышасы Жаробамга мындай деп айттырды: «Амос Ысрайылдын арасында сага каршы козголоң чыгарып жатат. Анын бүт сөздөрүнө жер чыдай албайт.

    7:11 Анткени Амос мындай деп жатат: “Жаробам кылычтан өлөт, Ысрайыл болсо өз жеринен сөзсүз туткундалып кетет”».

    7:12 Анан Аматсия Амоско мындай деди: «Көрөгөч! Тезинен кет, Жүйүт аймагына кач. Ошол жерде нан жеп, ошол жерде пайгамбарчылык кыл.

    7:13 Ал эми Бейтелде мындан ары пайгамбарчылык кылба, анткени бул жер – падышанын ыйык жайы, падышанын үйү».

    7:14 Ошондо Амос Аматсияга мындай деп жооп берди: «Мен пайгамбар эмесмин, пайгамбардын уулу да эмесмин. Мен койчу болчумун, тыт дарагын өстүрчүмүн.

    7:15 Бирок Теңир мени кой короодон алып, мага мындай деди: “Бар, Менин элим Ысрайылга пайгамбарчылык кыл”.

    7:16 үми Теңирдин сөзүнө кулак сал. Сен мага: “Ысрайылга каршы пайгамбарчылык кылба, Ыскакка сөз сүйлөбө”, – деп жатасың.

    7:17 Ошон үчүн Теңир мындай дейт: “Шаарда сенин аялың бузуктук кылат. Уулдарың менен кыздарың кылычтан өлөт. Сенин жериң жер бөлгөн аркан менен бөлүнөт, өзүң болсо таза эмес жерде өлөсүң, Ысрайыл өз жеринен сөзсүз куулуп чыгат”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск