Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Амос 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Жемиш салынган себет жөнүндөгү көрүнүш

    8:1 Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: мен бир себет бышкан жемишти көрдүм.

    8:2 Ал менден: «Амос, сен эмнени көрүп турасың?» – деп сурады. Мен: «Бир себет бышкан жемишти», – дедим. Ошондо Теңир мага мындай деди: «Менин элим Ысрайылдын акыры келди. Мындан ары аны кечирбейм.

    8:3 Ошол күнү падыша сарайындагы ырлар ыйга айланат, – дейт Кудай Теңир, – өлүктөр көп болот, ар кайсы жерде аларды эн-сөзсүз ыргытышат».

    Ысрайылга чыгарылган өкүм

    8:4 Кембагалдарды жеп-жуткусу келгендер, жакырларды өлтүргүсү келгендер,

    8:5 «Жаңырган ай майрамы өтсө, биз нан сата алабыз, ишемби күнү өтсө, биз кампаларды ачабыз, эйфанын көлөмүн азайтабыз, шекелдин баасын көтөрөбүз, туура эмес таразалар менен алдайбыз,

    8:6 кедейлерди күмүшкө, кембагалдарды бир жуп бут кийимге сатып алабыз, ал эми дандын калбырдан өтпөй калганын сатабыз», – дегендер, муну уккула!

    8:7 Теңир Жакыптын даңкы менен ант берди: «Чындыгында, алардын бул иштеринин үч бирин түбөлүккө унутпайм!

    8:8 Мына ушундан жер солкулдабас бекен, анын үстүндө жашаган ар бир адам ыйлабас бекен? Жер бүт бойдон дарыядай ташкындайт, ал Мисир дарыясына окшоп бирде көтөрүлүп, бирде төмөн түшөт.

    8:9 Ошол күнү мындай болот, – дейт Кудай-Теңир, – чак түштө күндү батырам, күндүз жерди караңгылатам,

    8:10 майрамдарыңарды кайгыга, ырларыңардын бардыгын ыйга айлантам, баарыңарга зумбал кийгизип, чачыңарды кырам. өлкөдө жалгыз уулун жоктоп ыйлагандагыдай ый көтөрөм, анын аягы кайгылуу күн сыяктуу болот.

    8:11 Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен жер үстүнө ачарчылык жиберем, ал нанга болгон ачарчылык эмес, сууга болгон суусоо эмес, Теңирдин сөздөрүн угууга болгон суусоону жиберем.

    8:12 Ошондо Теңирдин сөзүн издеп, деңизден деңизге теңселип басышат, түндүктөн чыгышка сандалышат, бирок аны табышпайт.

    8:13 Ошол күнү ошол суусоодон сулуу кыздар менен жигиттер соолушат.

    8:14 Алар Самариянын күнөөсү менен: “Дан, сенин кудайың тирүү! Бейер-Шебага барчу жол тирүү!” – деп ант беришет. Алар кулашат, ошол бойдон турушпайт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск