Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Кудайга кемчилиги бар курмандыктарды алып келбөө жөнүндө

    17:1 Кудай-Теңириңе кемчилиги бар, же болбосо бир жаман нерсеси бар малды, өгүз болобу, кой болобу, курмандыкка алып келбегиле, анткени бул Кудай-Теңириң үчүн жийиркеничтүү.

    17:2 үгерде Кудай-Теңириң берип жаткан жерлердин биринде силердин араңардан эркек же аял Кудай-Теңириңдин келишимин бузуп, Ага жакпаган ишти кыла турган болсо,

    17:3 же мен тыюу салган башка кудайларды эүрчип, ага табына турган болсо, же күнгө, же айга, же асман күчтөрүнө таазим кыла турган болсо,

    17:4 сага ушинтип айтып келишсе, ушундайды уксаң, анда оболу жакшылап иликте. эгерде Ысрайылда ушундай жийиркеничтүү иштин болгону чын болсо,

    17:5 анда ушундай жийиркеничтүү ишти кылган эркекти же аялды дарбазанын алдына алып чыгып, таш бараңга алып өлтүр.

    17:6 Ал эки же үч күбөнүн сөзү менен өлүм жазасына тартылууга тийиш. өлүм жазасына бир күбөнүн сөзү менен тартылбасын.

    17:7 Аны өлтүрүүгө күбөлөр биринчи кол көтөрүшсүн, анан бардык эл кол көтөрүшү керек. өз ичиңдеги жийиркеничтүү ишти мына ушинтип жок кыл.

    Бийлик башындагыларга баш ийүү жөнүндө

    17:8 Бирөөнү бирөө өлтүрүп койгондо, бирөө менен бирөө чатакташа кеткенде, бирөөнү бирөө сабап, денесине зыян келтиргенде, ал ишти чечүү сен үчүн кыйын болсо, дарбазаңдын алдында пикир келишпестик болсо, анда Кудай-Теңириң тандап алган жерге барып,

    17:9 ошол убактагы ыйык кызмат кылуучу лебилерге жана башкаруучуларга кайрыл, алар сага эмне кылууну айтып беришет.

    17:10 Теңир тандап алган жерде алар кандай айтса, ошондой кыл, алар кандай буйрук берсе, ошонун баарын аткарууга аракет кыл.

    17:11 Алар эйрөткөн мыйзам боюнча, алар берген көрсөтмө боюнча кыл, алардын айтканынан оңго да, солго да бурулба.

    17:12 Ким Кудай-Теңириңдин алдында кызмат кылып жаткан ыйык кызмат кылуучуну же башкаруучуну текеберденип укпай койсо, ал өлүшү керек. Ысрайыл элиндеги жамандыкты ушинтип жой.

    17:13 Муну бардык эл угуп, коркуп калат. Ошондон кийин текеберденбей калышат.

    17:14 Кудай-Теңириң берип жаткан жерге барып, аны эүлеп, ага отурукташканыңда: “Тегерегимде жашаган башка элдер сыяктуу эле өзүмө падыша коём”, – дей турган болсоң,

    17:15 анда өзүңө Кудай-Теңириң тандаган падышаны кой, падышаны бир туугандарыңдын арасынан танда. Падышаны сенин бир тууганың болбогон, бөтөн жерликтен койбо.

    17:16 Бирок ал падыша өзүнө жылкы көбөйтүп албасын, өзүнө жылкы көбөйтүш үчүн, элди Мисирге жибербесин, анткени Теңир силерге: “Мындан ары ал жол менен баспагыла”, – деген.

    17:17 Ал падыша көп аял алып жүрөгү бузулбасын. Алтын-күмүштү ашык жыйнабасын.

    17:18 Ал падышачылык тактыга отурганда, ыйык кызмат кылуучу лебилердин китебинен мыйзамдарды көчүрүп алсын.

    17:19 Ал китеп анын колунда болсун, өмүрү өткөнчө окусун. Кудай-Теңиринен коркууга эйрөнсүн, ошол мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдүн бардыгын аткарууга аракеттенсин.

    17:20 өзүн бир туугандарынан жогору койбосун. Мыйзамдан оңго да, солго да бурулбасын, ошондо ал өзү да, анын уулдары да Ысрайылда көп жыл падышачылык кылышат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск