Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Пасах майрамын өткөрүү жөнүндө

    16:1 Абыт айын эсиңден чыгарба, ушул айда Кудай-Теңириңе арнап Пасах майрамын өткөр, себеби Кудай-Теңириң сени Мисирден Абыт айында, түн ичинде алып чыккан.

    16:2 Теңириң өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде Кудай-Теңириңе арнап, Пасах курмандыгына бодо же майда малдан сой.

    16:3 Аны ачыган нерсе менен жебе, аны “оор күндүн наны” деп аталган ачыткысыз нан менен жети күн же, анткени сен Мисир жеринен шашылыш чыккансың, Мисир жеринен чыккан күндү өмүрүң өткөнчө эсиңден чыгарба.

    16:4 Жети күн бою сенин жериңде үч кимдин үйүндө ачыган нерсе болбосун, биринчи күнү кечинде алып келген курмандыгыңдын этинен эртең мененкиге калбасын.

    16:5 Теңириң берген жерде жашап жатканыңда, Пасах курмандыгын өзүң каалаган жерде сойбо.

    16:6 Пасах курмандыгын күн батканда, Мисирден кайсы убакта чыксаң, так ошол убакта, Кудай-Теңириң өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде гана сой.

    16:7 Аны бышырып, Кудай-Теңириң тандап алган жерде же, эртеси үйүңө кайтып кел.

    16:8 Алты күн бою ачыткысыз нан же, ал эми жетинчи күндү Кудай-Теңириңе арнап майрамда. үч кандай жумуш кылба.

    Жумалар майрамы жана Алачыктар майрамы жөнүндө

    16:9 Түшүм жыйнай баштаган күндөн тартып жети жума эсепте.

    16:10 Анан Кудай-Теңириңе арнап Жети күндүк майрам өткөр. Кудай-Теңириңдин бергенине жараша, Ага өз каалооң менен бер.

    16:11 Кудай-Теңириң өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде балаң, кызың, кулуң, күңэң менен, силер менен жашаган лебилер менен, араңарда жашаган келгиндер, жетимдер, жесирлер менен бирге көңүл ачкыла.

    16:12 Мисирде кул болгонуңду эсиңден чыгарба жана бул мыйзамдарды аткар.

    16:13 үгиниңди жыйнап, жүзүмүңдүн ширесин алганда, жети күн Алачыктар майрамын өткөр.

    16:14 Бул майрамда балаң, кызың, кулуң, күңэң, сени менен жашаган лебилер, келгиндер, жетимдер, жесирлер менен бирге көңүл ач.

    16:15 Кудай-Теңириң өзү тандап алган жерде Кудайыңа арнап жети күн майрам өткөр, ошондо сенин ала турган түшүмүңө, бардык иштериңе Кудай-Теңириң батасын берет, сен болсо көңүл ачасың.

    16:16 Жылына үч жолу эркек аттуунун баары Кудай-Теңириң өзү тандап алган жерге келиши керек. Ачыткысыз нан майрамында, Жумалар майрамында жана Алачыктар майрамында Теңирдин алдына үч ким куру кол келбесин.

    16:17 Ар кимиңер Кудай-Теңириңердин берген батасына жараша алып келгиле.

    16:18 үлге адилет өкүм чыгарып турушу үчүн, Кудай-Теңир берген жерлерге ар бир уруудан башкаруучулар менен көзөмөлдөөчүлөрдү дайында.

    16:19 Мыйзамды бурмалаба, адамдын жүзүнө караба, пара алба, анткени пара акылдуулардын көзүн тунартат, адилеттүүлөрдүн ишин бурмалайт.

    16:20 Адилет болууга, адилет болууга умтул, ошондо Кудай-Теңириң берип жаткан жерди эүлеп жашайсың.

    16:21 Кудай-Теңириңе арнап курган курмандык чалынуучу жайдын жанына мазар теректерди отургузба.

    16:22 Кудай-Теңириң жек көргөн мамыларды орнотпо.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск