Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Жетинчи жыл

    15:1 Жетинчи жылы кечирим кыл.

    15:2 Кечирим төмөнкүлөрдү камтыйт: жакынына же бир тууганына карыз берген ар бир адам карызын кечирсин, төлөтүп албасын, анткени ал кечирим Теңир үчүн жарыяланган.

    15:3 Бөтөн жерликтен төлөтүп ал, ал эми бир тууганыңа берген карызыңды кечир.

    15:4 Сен жашаган жерде жакырлар болбойт, анткени мурастап алышың үчүн энчиңе берип жаткан жерге Кудай-Теңириң батасын берет.

    15:5 үгерде бүгүн мен сага берип жаткан осуяттардын бардыгын аткарып, Кудай-Теңириңдин үнүн уга турган болсоң,

    15:6 Кудай-Теңириң өзү айткандай, батасын берет, ошондо сен көп элдерге карыз бересиң, өзүң карыз албайсың. Көп элдерге үстөмдүк кыласың, алар сага үстөмдүк кылышпайт.

    15:7 үгерде Кудай-Теңириң сага берип жаткан жерде сага жакын жашаган бир туугандарыңдын ичинен кимдир бирөө жакыр болсо, анда жакыр бир тууганыңа таш боор болбо, колуңду жумба.

    15:8 Колуңду ачып, анын муктаждыгына жараша карыз бер.

    15:9 Сак бол, сага “Жетинчи жыл жакындап келе жатат, ал – кечирим жылы” деген жаман ой келип, жакыр бир тууганыңа кайрымсыз болуп, кечирим кылбай койбо, болбосо ал сага нааразы болуп, Теңирге боздоп жиберет, ошондо сен күнөөкөр болуп каласың.

    15:10 Ага карыз бер, карыз берип жатканда, ичиң оорубасын. Ошондо Кудай-Теңир сенин бардык иштериңе, кыла турган иштериңе батасын берет.

    15:11 Анткени жардылар сенин жериңде дайыма болот, ошондуктан мен сага буйрук кылам: өз жериңдеги бир тууганыңа, жакырга колуң дайыма ачык болсун.

    15:12 үгерде сенин бир тууганың эврей же эврей аял өзүн сага сата турган болсо, анда ал сага алты жыл кул болсун, ал эми жетинчи жылы аны боштондукка чыгар.

    Кулдар жөнүндө

    15:13 Сен аны боштондукка чыгарганыңда, куру кол чыгарба.

    15:14 Ага Кудай-Теңириң батасын берген малыңдан, эгиниңден, жүзүмүңдүн ширесинен бер.

    15:15 Сен да Мисир жеринде кул болгонуңду, Кудай-Теңириң сени куткарып алганын эсиңден чыгарба. Ошондуктан мен ушуну бүгүн сага осуяттап жатам.

    15:16 Ал кул сенин үйүңдө жакшы жашагандыктан, сага: “Сеникинен кетпейм, себеби мен сени жана сенин үйүңдү жакшы көрөм”, – десе,

    15:17 анда шибеге алып, ал кулду эшиктин кашегине алып барып, кулагын көзөп кой. Ошондо ал түбөлүккө сенин кулуң болуп калат. Күңэңдү да ошондой кыл.

    15:18 Аны боштондукка чыгаруу сен үчүн оор болбосун, анткени ал сага алты жылдын ичинде жалданма жумушчудан эки эсе көп иштеп берди. Ошондо сенин кыла турган ишиңдин бардыгына Кудай-Теңириң батасын берет.

    Биринчи төл жөнүндө

    15:19 Бодо жана майда малыңдын биринчи эркек төлүнүн бардыгын Кудай-Теңириңе арна. өгүздүн биринчи төлүн жумушка чекпе, майда малыңдын биринчи төлүн кыркпа.

    15:20 Аларды Теңир тандап алган жерде жыл сайын эй-бүлөң менен союп же.

    15:21 үгерде алардын кемчилиги болсо, аксак же сокур болсо, же башка кемчилиги болсо, анда андай малды Кудай-Теңириңе курмандыкка чалба.

    15:22 Аны өз үйүңдө же. Жейрендин же бугунун этин жегендей эле, аны таза эмес да, таза да адам жей берсе болот.

    15:23 Анын канын гана жебе, аны суу төккөндөй эле жерге төгүп сал.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск