Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Бутпарастардын аза күтүү салттарын туурабоо жөнүндө

    14:1 Силер Кудай-Теңириңердин балдарысыңар. өлгөндөр үчүн аза күткөнүңөрдү билдирип, денеңерге так салбагыла, чачыңарды кыркпагыла.

    14:2 Анткени сен Кудай-Теңириңдин ыйык элисиң. Сени Теңир жер үстүндөгү бардык элдердин ичинен өз эли болушуң үчүн тандап алган.

    Тамак жөнүндө мыйзам

    14:3 үч кандай арам нерсе жебегиле.

    14:4 Силер жей турган мал мына булар: уй, кой, эчки,

    14:5 бугу, жейрен, топоз, элик, зубр, багыш, тоо теке.

    14:6 Ача туяктуу, салаасы терең, кепшеген жаныбарларды жесеңер болот.

    14:7 Бирок кепшеген, ача туяктуу, салаасы терең жаныбарлардын ичинен төөнү, коёнду, суурду жебегиле, анткени алар кепшегени менен, ача туяктуу эмес, силер үчүн алар арам болуп эсептелет.

    14:8 Чочкону да жебегиле, анткени ал ача туяктуу болгону менен кепшебейт. Ал силер үчүн арам. Алардын этин жебегиле, өлүгүнө колуңарды тийгизбегиле.

    14:9 Сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзө турган канаты жана кабырчыгы бар жаныбарлардын бардыгын жесеңер болот.

    14:10 Ал эми канаты менен кабырчыгы жок жаныбарларды жебегиле. Алар силер үчүн арам.

    14:11 Адал канаттуулардын баарын жегиле.

    14:12 Бирок алардын ичинен буларды жебешиңер керек: бүркүт, жору, суу бүркүтү,

    14:13 кулаалы, шумкар, ылаачын жана анын түрлөрү,

    14:14 карга жана анын түрлөрү,

    14:15 төө куш, экү, чардак, туйгун жана анын түрлөрү,

    14:16 чекир көз экү, ибис, ак куу,

    14:17 биргазан, ак кажыр, балыкчы куш,

    14:18 көк кытан, илегилек жана анын түрлөрү, сасык эпүп, жарганат.

    14:19 Канаты бар курт-кумурскалардын баары силер үчүн арам. Аларды жебегиле.

    14:20 Адал канаттуулардын баарын жегиле.

    14:21 үч бир жаныбардын өлүгүн жебегиле. Аны силердин араңарда жашаган бөтөн жерликке бер, ошол жесин, же ошого сат, анткени сен Кудай-Теңириңдин ыйык элисиң. Улакты энесинин сүтүнө бышырба.

    Ондук жөнүндө мыйзам

    14:22 Жыл сайын алган түшүмүңдүн ондон бир бөлүгүн бөлүп кой.

    14:23 Кудай-Теңириң өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде эгиниңдин, жүзүмүңдүн ширесинин, зайтун майыңдын ондон бир бөлүгүн, бодо жана майда малыңдын биринчи төлүн же, Кудай-Теңириңден өмүрүң өткөнчө коркуп жүрүүнү ошентип эйрөнөсүң.

    14:24 Кудай-Теңириң өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн, сага батасын бериш үчүн тандап алган жер сенден алыс болуп, ушуларды алып бара албасаң, сен үчүн жол алыс болсо,

    14:25 анда аларды күмүшкө алмаштырып, Кудай-Теңириң тандап алган жерге алып кел.

    14:26 Ал жерден күмүштөрүңө эмне кааласаң, ошону: өгүз болобу, кой болобу, шарап болобу, күчтүү ичимдик болобу, сатып ал. Аларды Кудай-Теңириңдин алдында эй-бүлөң менен бирге ичип-жеп көңүл ач.

    14:27 Сени менен жашаган лебилерди таштаба, анткени алар сени менен бирге элүш алышкан жок.

    14:28 Yч жыл өткөндөн кийин, ошол жылы алган түшүмүңдүн ондон бир бөлүгүн кампаларыңа сал.

    14:29 Аны лебилер келип алсын, анткени аларга сени менен кошо элүш бөлүнгөн жок. Сенин жаныңда жашаган келгиндер, жетимдер, жесирлер тойгончо жешсин, ошондо Кудай-Теңириң ар бир ишиңе батасын берет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск