Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Жалган пайгамбарларды айырмалай билүү жана аларды жазалоо

    13:1 үгерде силердин араңардан пайгамбар же түш жоругуч чыгып, силерге жышаан же керемет көрсөтө турган болсо,

    13:2 ал айткан жышаан же керемет аткарылса, анан ал: “Жүр, сен билбеген башка кудайларга барабыз, ошолорго табынабыз”, – дей турган болсо,

    13:3 анда ал пайгамбардын же ал түш жоругуч адамдын сөздөрүн укпа, анткени Кудай-Теңириңер өзүн чын жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен сүйөр-сүйбөсүңөрдү билиш үчүн, силерди ушул аркылуу сынап жатат.

    13:4 Кудай-Теңириңердин жолу менен жүргүлө, Андан корккула. Анын осуяттарын аткаргыла, Анын үнүн уккула, Ага кызмат кылгыла, Ага жабышкыла.

    13:5 Силерди Мисир жеринен алып чыгып, кулчулуктан куткарган Кудай-Теңириңерден четтөөгө эндөгөнү үчүн, Кудай-Теңириң осуяттаган жолдон чыгарууга аракет кылганы үчүн, ал пайгамбарды же түш жоругучту өлүм жазасына тартуу керек. өз ичиңдеги жамандыкты ушинтип жок кыл.

    13:6 үгерде сени бир тууганың, энеңдин уулу, же уулуң, же кызың, же жаныңда жаткан аялың, же жаныңдай көргөн жан досуң: “Жүр, сен да, ата-бабаларың да билбеген башка кудайларга табынабыз”, – деп,

    13:7 сенин тегерегиңдеги, жакын же алыс жашаган, жердин бир четинен экинчи четине чейин жашаган элдердин кудайларына жашыруун азгырса,

    13:8 анда ага макул болбо, анын сөзүн укпа. Аны кечирбе, аяба, жашырып койбо.

    13:9 Аны өлтүрүп сал. Аны өлтүрүүгө баарынан мурун сен кол көтөрүшүң керек, андан кийин бүт эл кол көтөрсүн.

    13:10 Аны таш бараңга алып өлтүр, анткени ал сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Кудай-Теңириңден алыстатууга аракет кылды.

    13:11 Муну бүткүл Ысрайыл эли угуп, коркуп калат да, ошондон кийин сенин ичиңде андай жамандыкты кылбай калат.

    13:12 үгерде Кудай-Теңириң сага жашаганга берип жаткан шаарлардын биринен,

    13:13 сенин элиңдин ичинен бузулган адамдар чыгып, шаардын тургундарын азгырып: “Жүргүлө, силер билбеген башка кудайларга табынабыз”, – дегенин уксаң,

    13:14 анда издеп, иликтеп, жакшылап сура. эгерде бул жийиркеничтүү иш араңарда чыны менен болсо,

    13:15 анда ал шаардын тургундарын кылычтап кырып сал, малын, эмнеси болсо, ошонун бардыгын жок кыл.

    13:16 Бардык олжону аянттын ортосуна чогулт, шаарды бардык олжо менен кошо Кудай-Теңириңе арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык катары өрттөп сал. Ал шаар түбөлүккө урандыга айлансын, үч качан кайрадан курулбасын.

    13:17 Каргышка калган нерселерден үч нерсе алба, ошондо Теңир өзүнүн каарын токтотуп, ата-бабаларыңа убада кылгандай, сага ырайым кылып, укумдатып-тукумдатып көбөйтөт.

    13:18 үгерде Кудай-Теңириңди уксаң, мен бүгүн сага берип жаткан осуяттардын бардыгын аткарсаң, Теңирге жаккан иштерди кылсаң, Ал ушул айткандарын аткарат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск