Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Киши колдуу болуп өлгөн адам жөнүндө

    21:1 үгерде Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерде талаадан ким өлтүргөнү белгисиз адам табылса,

    21:2 анда аксакалдар менен башкаруучулар барып, өлтүрүлгөн кишинин тегерегиндеги шаарларга чейинки аралыкты өлчөп чыгышсын.

    21:3 өлтүрүлгөн кишиге жакын жайгашкан шаардын аксакалдары мойнуна моюнтурук салына элек, жумушка чегиле элек кунажынды алып келишсин.

    21:4 Ал шаардын аксакалдары ал кунажынды айдалбаган, эрөн себилбеген эүн талаага жетелеп барып, ошол жерде союшсун.

    21:5 Ал жерге Лебинин ыйык кызмат кылуучу уулдары келишсин.

    21:6 өлтүрүлгөн кишиге жакын жайгашкан шаардын бардык аксакалдары талаада союлган, мойну сындырылган кунажындын үстүнө колдорун жуушсун.

    21:7 Анан мындай деп жарыялашсын: “Бул канды биздин колубуз төккөн жок жана биздин көзүбүз көргөн жок.

    21:8 Теңир, өзүң куткарып алган Ысрайыл элиңди тазала. Айыпсыз бирөөнүн канын өз элиң Ысрайылдын мойнуна жүктөбө”. Ошондо алар төгүлгөн кандын кунунан кутулушат.

    21:9 Теңирдин алдында ак ниет жана адилет болгуң келсе, айыпсыздын канын өзүңдөн ушундай кылып жуушуң керек.

    Туткундалып келген аялдар жөнүндө

    21:10 Душмандарыңа каршы согушка чыкканыңда, Кудай-Теңириң аларды сенин колуңа салып берип, аларды туткунга алганыңда,

    21:11 туткундардын арасынан сулуу аялды көрүп жактырып калып, аны алгың келсе,

    21:12 анда аны үйүңө алып кел. Ал чачын кырдырып, тырмактарын алсын.

    21:13 Туткунга түшкөндөгү кийимдерин чечип, сенин үйүңдө жашап калсын. Анан бир ай бою атасы менен энесин жоктоп ыйласын. Ошондон кийин гана сен ага жакындап, күйөөсү боло аласың, ал сенин аялың болуп калат.

    21:14 үгерде ошондон кийин ал сага жакпай калса, каалаган жагына коё бер, бирок күмүшкө сатпа, күң кылып салба, себеби сен ага зордук менен жакындагансың.

    Тунгучтук жөнүндө

    21:15 Кимдин эки аялы болсо, алардын бири сүйгөн аялы, экинчиси сүйбөгөн аялы болсо, сүйгөн аялы да, сүйбөгөн аялы да ага эркек балдарды төрөп беришсе, тун уулу сүйбөгөн аялынан болсо,

    21:16 анда ал өз уулдарына энчи бөлүштүргөндө, сүйбөгөн аялынын тун уулунун алдында сүйгөн аялынын уулуна тунгучтукту бере албайт.

    21:17 Бирок сүйбөгөн аялы төрөгөн уулду тун уулум деп эсептеп, колунда болгон мал-мүлкүнөн ага сүйгөн аялынын тун уулуна бергенинен эки эсе көп берсин, анткени ал – анын күч-кубатынын башаты, туну.

    үэнбаш балдар жөнүндө

    21:18 Кимдин уулу эүнбаш, тентек чыкса, атасынын да, энесинин да тилин албаса, алар аны жазаласа да тил албаса,

    21:19 анда атасы менен энеси аны кармап, шаар аксакалдарына, дарбаза алдына алып келип,

    21:20 өздөрүнүн шаарынын аксакалдарына мындай дешсин: “Биздин бул балабыз тентек, эүнбаш чыкты, сөзүбүздү укпайт, жатып ичер, аракеч”.

    21:21 Ошондо шаардын эли аны таш бараңга алып өлтүрсүн. өз ичиңен жамандыкты ушинтип жок кыл, муну ысрайылдыктар угуп, коркуп калышат.

    Адеп-ахлак мыйзамдары

    21:22 үгерде кимдир бирөө өлүмгө татыктуу күнөө кылса, аны өлтүргөндөн кийин, жыгачка асып ташта.

    21:23 Бирок анын өлүгүн жыгачка түнөтпөй, ошол эле күнү көмүп сал, анткени жыгачка асылган ар бир адам Кудайдын алдында каргышка калган. Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерди булгаба.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск