Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 34

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    34-БөЛЄМ

    Мусанын жерлерди көрүшү жана көз жумушу

    34:1 Муса Маап түздүгүндөгү Жерихонун каршысындагы Ныбо тоосунун Пизги чокусуна чыкты. Теңир ага Гилаттан Данга чейинки жерлерди,

    34:2 Напталынын жерин, эпрайым менен Менашенин жерин, Жүйүттүн жерин, атүгүл, күн батыштагы деңизге чейинки жерлерди,

    34:3 түштүк жерлерин, Жерихо өрөөнүн, Курма шаарын, Соарга чейинки жерлерди көрсөттү.

    34:4 Анан Теңир ага мындай деди: «Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка: “Сенин тукумуңа берем,” – деп убада кылган жер мына ушул. Бул жерди Мен сага көрсөттүм, бирок сен ага кирбейсиң».

    34:5 Теңирдин кулу Муса Теңирдин сөзү боюнча Маап жеринде көз жумду.

    34:6 Ал Бейт-Пейордун маңдайындагы Маап жериндеги өрөөнгө коюлду, ал коюлган жерди бүгүнкү күнгө чейин үч ким билбейт.

    34:7 Муса жүз жыйырма жашка чыгып көз жумду. Жүз жыйырма жашында да анын көзүнүн курчу кеткен эмес, алдан-күчтөн тайган эмес.

    34:8 Ысрайыл уулдары Маап түздүгүндө Мусаны жоктоп, отуз күн аза күтүп ыйлашты. Ошентип, Мусаны жоктоп ыйлаган аза күтүү күндөрү да өттү.

    Анын орун басары – Нундун уулу Жашыя

    34:9 Нундун уулу Жашыя акылмандыктын рухуна толду, анткени Муса ага колун койгон эле. Ошондуктан Ысрайыл уулдары ага баш ийип, Теңир Мусага буйругандай кылышты.

    34:10 Ошондон кийин Ысрайылда Теңир жүзмө-жүз сүйлөшкөн Мусадай пайгамбар болгон жок.

    34:11 Теңир аны Мисир жериндеги фараонго, анын кулдарына, анын бүт жерине жышаандарды, кереметтерди көрсөтүш үчүн жиберген.

    34:12 Муса ал улуу иштерди, зор кереметтерди бүткүл Ысрайыл элинин көз алдында көрсөткөн.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск