Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 33

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    33-БөЛЄМ

    Ысрайыл урууларына бата берүү

    33:1 Кудайдын кишиси Мусанын Ысрайыл уулдарына өлөр алдында берген батасы мындай:

    33:2 «Теңир Синайдан келди, аларга Сеирден жаркырап көрүндү, Паран тоосунан көрүндү, сансыз ыйыктар менен келди. Анын оң жагында мыйзам оту жалындап турат.

    33:3 Чынында, Ал өз элин сүйөт. Анын ыйыктары өз колунда, Сенин сөздөрүңдү угуш үчүн, алар бутуңа жыгылышты.

    33:4 Муса бизге мыйзам берди, Жакыптын жамаатына мурас калтырды.

    33:5 Ысрайыл уруулары менен бирге элдин башчылары чогулганда, ал Ысрайылга падыша болду.

    33:6 Жашасын Рубейин, ал өлбөсүн, тукуму аз болбосун!»

    33:7 Ал эми Жүйүт жөнүндө мындай деди: «Теңир, Жүйүттүн үнүн ук, аны өз элине алып кел. Ал өзүн өз колу менен коргой алсын, Сен ага душмандарына каршы күрөштө жардам бер».

    33:8 Леби жөнүндө мындай деди: «Сенин уримиң менен тумимиң Сен Масада сынаган, Мериба суусунун боюнда Сени менен тирешкен ыйык адамыңдын үстүндө.

    33:9 Ал атасы менен энеси жөнүндө: “Мен аларды карабайм”, – деп айтат. Ал өз бир туугандарын да тааныбайт, өз балдарын да билбейт. Анткени алар – Сенин сөзүңдү аткарган, Сенин келишимиңди сактаган лебилер.

    33:10 Алар Жакыпка Сенин мыйзамыңды, Ысрайылга Сенин осуяттарыңды эйрөтүшөт, Сенин алдыңда жыпар жыттуу зат түтөтүп, Сага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышат.

    33:11 Анын күч-кубатына батаңды бер, Теңир, анын иштерине ийгилик бер, анын алдында туруштук бере албашы үчүн, ага каршы чыккандардын, аны жек көргөндөрдүн белин сындыр».

    33:12 Бенжемин жөнүндө мындай деди: «Теңир сүйгөн адам Анын алдында бейкапар жашайт, ар күнү аны Кудай калкалайт, ал Кудайдын жеринде коопсуз жашайт».

    33:13 Жусуп жөнүндө мындай деди: «Теңир анын жерин асман байлыктары менен, шүүдүрүм менен, жердин түпкүрүндө жаткан байлыктар менен,

    33:14 күн менен айдын астында өскөн эң жакшы жемиштер менен,

    33:15 байыркы тоолордо, түбөлүктүү дөбөлөрдө өскөн эң сонун мөмөлөр менен,

    33:16 жерди толтурган эң жакшы түшүм менен жалгасын. Тикенектүү бадалга Келгендин батасы Жусупка тийсин, бир туугандарынын ичинен эң жакшысына тийсин.

    33:17 Анын күчү биринчи туулган буканыкындай, мүйүзү буйволдун мүйүзүндөй. Ал мүйүзү менен бүт элдерди жердин түбүнө чейин сүзө качырсын. Бул – эпрайымдын түмөндөгөн тукуму, бул – Менашенин миңдеген тукуму».

    33:18 Забулун жөнүндө мындай деди: «өз жолуңда ойноп-күл, Забулун. өз чатырыңда көңүл ач, Исахар.

    33:19 Алар тоого эл чакырып, ал жерде ыраазычылык курмандыктарын чалышат, анткени алар деңиз байлыктары менен азыктанып, кумдун ичинде жаткан кенчке бөлөнүшөт».

    33:20 Гат жөнүндө мындай деди: «Гат тукумун Таратканга даңк! Ал арстандай болуп жатат, колду да, башты да талкалайт.

    33:21 Ал жердин жакшысын тандап алды, ошол жерде ал башчынын энчисин алып урматка бөлөндү. Ал эл башчылары менен келип, Теңирдин адилеттигин жана өкүмдөрүн Ысрайыл менен бирге ишке ашырды».

    33:22 Дан жөнүндө мындай деди: «Башандан чуркап чыккан Дан – жаш арстан».

    33:23 Напталы жөнүндө мындай деди: «Напталы жакшылыкка тунган, Теңирдин батасын мол алган. Деңиз менен түштүк тарап ага таандык».

    33:24 Ашыр жөнүндө мындай деди: «Башка уулдарынын ичинен Ашырга көбүрөөк бата тийген, ал бир туугандарынын арасында кадырлуу, бутун майга малат.

    33:25 Дарбазаларың темир менен жезден болот, байлыгың күн санап көбөйөт.

    33:26 Булуттардын үстүндө атак-даңкы менен асмандан сага жардамга келген Ысрайылдын Кудайындай Кудай жок.

    33:27 Сенин баш паанаң – байыркы Кудай, сени түбөлүктүү колдор коргойт. Ал сенин алдыңдан душмандарыңды кууп чыгып: “Кыргыла!” – дейт.

    33:28 Ысрайыл коопсуз жашайт, ал жалгыз. Жакып данга бай, шарабы мол, асмандан шүүдүрүм тамчылаган жерди көрүп турат.

    33:29 Бактылуусуң сен, Ысрайыл! Теңир сактаган сендей эл барбы? Ал сенин коргоочу калканың, даңктуу кылычың! Душмандарың сага жасакерленишет, сен алардын бийик жерлерин тебелеп-тепсейсиң».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск