Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Кудайдын Нундун уулу Жашыяга берген буйругу

    1:1 Теңирдин кулу Муса каза болгондон кийин, Мусанын кызматчысы Нундун уулу Жашыяга Теңир мындай деди:

    1:2 «Менин кулум Муса көз жумду. эми сен тур, Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерге Ысрайыл уулдары менен бирге мына бул Иордан аркылуу өт.

    1:3 Мусага айтканымдай, бутуңар баскан жердин баарын Мен силерге берем.

    1:4 Чөлдөн жана мына бул Лебанон жеринен улуу эфрат дарыясына чейинки хеттиктердин бардык жери, ошондой эле батыштагы улуу деңизге чейинки аймак силердики болот.

    1:5 өмүрүң өткөнчө сага үч ким туруштук бере албайт. Мен Муса менен кандай болсом, сени менен да ошондой болом. Сенден четтебейм, сени таштабайм.

    1:6 Бекем, кайраттуу бол. Анткени Мен ата-бабаларына берем деп убада кылган жерди бул элдин карамагына сен өткөрүп бересиң.

    1:7 Болгону, бекем, өтө кайраттуу бол, сага Менин кулум Муса берген мыйзамды так сактагын жана аткаргын, бардык иштериңди акылмандуулук менен кылуу үчүн, андан оңго да, солго да бурулба.

    1:8 Бул мыйзам китебинде жазылгандар оозуңдан түшпөсүн, анда жазылгандардын бардыгын так аткарыш үчүн, алар жөнүндө күнү-түнү ой жүгүрт, ошондо сен өз жолдоруңда ийгиликке жетишесиң жана акылмандуулук менен иш кыласың.

    1:9 Мен сага буйрук кылам: бекем, кайраттуу бол, жалтанба да коркпо, анткени сен кайда барсаң, Кудай-Теңириң ошол жерде сени менен болот».

    Иордандан өтүүгө даярдык көрүү

    1:10 Анан Жашыя эл башчыларга мындай деп буйрук берди:

    1:11 «Станды аралап, элге мындай буйрук бергиле: “Жолуңарга азык камдагыла, анткени үч күндөн кийин, ата-бабаңардын Кудай-Теңири силерге мурас кылып берген жерди алганы барыш үчүн, Иордандын ары жагына өтөсүңөр”».

    1:12 Ал эми Рубейин, Гат уруусуна жана Менашенин жарым уруусуна Жашыя мындай деди:

    1:13 «Теңирдин кулу Муса силерге эмне буйруганын үстегиле. Ал мындай деген: “Кудай-Теңириңер силерди тынчтандырып, силерге ушул жерди берди.

    1:14 Аялдарыңар, балдарыңар жана малыңар Иордандын ары жагында, Муса берген жерде калсын. Ал эми силер, согушка жарактууларыңар, куралданып алып, бир туугандарыңардын алдында баргыла да, аларга жардамдашкыла.

    1:15 Теңир силер сыяктуу эле силердин бир туугандарыңарды да тынчтандырмайынча, Кудай-Теңириңер берген жерди алар мурас кылып алышмайынча, аларга жардамдашкыла. Ошондон соң мурасыңарга кайрылып келгиле да, Теңирдин кулу Муса Иордандын ары жагынан, чыгыш тараптан берген жерди эүлегиле”».

    1:16 Алар Жашыяга жооп кылып: «Бизге эмне буйрусаң, ошонун бардыгын жасайбыз, кайда жиберсең, барабыз.

    1:17 Биз Мусаны кандай уксак, сени да ошондой угабыз. Кудай-Теңириң Муса менен болгондой, сени менен да болсун.

    1:18 Сенин буйругуңа каршы чыккан, сен буйрук кылып айткан сөздөрүңдүн бардыгына кулак салбаган ар ким өлүм жазасына тартылат. Болгону, сен бекем, кайраттуу бол!» – дешти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск