Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Чалгынчылар жана Рахап

    2:1 Нундун уулу Жашыя Шитимден эки чалгынчыны жашыруун жиберип жатып, аларга: «Барып, жерди жана Жерихону көрүп келгиле», – деди. экөө жөнөп кетти да, Рахап деген бузулган аялдын үйүнө келип, ошол жерде түнөп калышты.

    2:2 Ошондо Жерихо падышасына «Түндө бул жакка Ысрайыл уулдарынан кишилер жер чалууга келишти» деген кабар жетти.

    2:3 Жерихо падышасы бузулган аял Рахапка мындай деп айттырды: «Сенин үйүңө келген кишилерди бизге чыгарып бер, анткени алар биздин бардык жерлерибизди байкаганы келишти».

    2:4 Бирок аял ал эки кишини жашырып койду да: «Мага кишилердин келгени чын, бирок алардын кайдан келгенин билген эмесмин.

    2:5 Алар күүгүм киргенде, дарбаза жабыларда кетип калышкан. Кайда кетишкенин билбейм, тезирүүк артынан куугула, аларды кууп жетесиңер», – деди.

    2:6 өзү болсо аларды үйүнүн үстүнө алып чыгып, үйүнүн үстүндө жаткан зыгыр боолорунун арасына жашырып койду.

    2:7 Куугунчулар аларды Иорданды карай кеткен жол менен дарыянын өткөөлүнө чейин кууп кетишти. Куугунчулар чыгып кетер замат дарбаза бекиди.

    2:8 Тигил эки киши жата электе аял эйдүн үстүнө чыгып,

    2:9 аларга мындай деди: «Теңир бул жерди силерге бергенин билем, анткени силер бизге коркунуч туудурдуңар, бул жерде жашагандар силерден коркуп жатышат.

    2:10 Анткени Мисирден чыкканыңарда, Теңир силердин көз алдыңарда Кызыл деңиздин ортосун кургатканын, Иордандын ары жагындагы аморлуктардын эки падышасы Сихон менен Огду кандай кылып кыйратканыңарды укканбыз.

    2:11 Бул жөнүндө укканыбызда, жүрөгүбүз түшүп, силерге каршы турууга үч кимибиз батынбай калдык, анткени силердин Кудай-Теңириңер жогорудагы асмандын да, төмөндөгү жердин да Кудайы экен.

    2:12 Ошондуктан мен силерге ырайым кылгандай, силер да атамдын үйүнө ырайым кылабыз деп, Теңир менен ант бергиле.

    2:13 Атамды, энемди, ага-инилеримди, эже-сиңдилеримди жана алар менен жашагандардын бардыгын тирүү калтырып, жаныңарды сактап калабыз деп, мага ишенимдүү белги калтыргыла».

    2:14 Ал кишилер аялга мындай дешти: «үгерде силер бул ишибизди ачпасаңар, силердин ордуңарга биздин жан кыйылсын. Теңир бизге жерди бергенден кийин, биз сага ырайым жана адилеттик кылабыз».

    2:15 Аял аларды аркан менен терезеден түшүрүп койду, анткени анын үйү шаар дубалында болчу, ал дубалда жашачу.

    2:16 Аял аларга: «Куугунчулар алдыңардан чыгып калбашы үчүн, тоого бара тургула, силерди кубалап кеткендер кайрылып келгиче, үч күн ошол жерде жашына тургула. Андан соң жолго чыксаңар болот», – деди.

    2:17 Тигил кишилер аялга мындай дешти: «үгерде мындай кылбасаң, анда биз сага берген антыбыздан бош болобуз:

    2:18 биз бул жерге келгенде, бизди түшүрүп койгон терезеңе бул кызыл арканды байлап кой да, атаң менен энеңди, бир туугандарыңды, атаңдын бардык урук-тууганын үйүңө чогулт.

    2:19 үгерде үйүңдөн бирөө сыртка чыга турган болсо, анын каны өз мойнунда болот, анда биз сага берген антыбыздан бош болобуз. Ал эми сенин үйүңдөгү адамга бирөөнүн колу тийсе, анда анын каны биздин мойнубузда.

    2:20 үгерде сен биздин бул ишибизди ача турган болсоң, анда дагы сага берген антыбыздан бош болобуз».

    2:21 Аял аларга: «Силер айткандай болсун!» – деди да, аларды коё берди. Алар жөнөп кетишти. Аял болсо кызыл арканды терезеге байлап койду.

    2:22 Алар жөнөп кетишип, тоого келишти да, аларды кууган куугунчулар кайрылып келгенче, үч күн ошол жерде болушту. Куугунчулар аларды жолдордун баарынан издеп, таппай коюшту.

    2:23 Ошентип, ал эки киши артка кайрылып, тоодон түшүп, Иордандан өтүп, Нундун уулу Жашыяга келди. эмне болгонунун баарын айтып берди.

    2:24 Алар Жашыяга: «Теңир ал жердин баарын бизге бериптир, ал жерде жашагандардын баары бизден коркуп жатышыптыр», – дешти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск