Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Екклесиаст 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    10:1 өлгөн чымындар жыпар жыттуу майдын жытын бузат, кадыр-барктуу адамдын кичине акылсыздыгы да анын акылмандуулугу менен кадыр-баркына шек келтирет.

    10:2 Акылдуу адамдын жүрөгү оңго, акылсыздын жүрөгү солго жетелейт.

    10:3 Акылсыз кайсы жол менен бара жатса да, ага акыл жетишпейт, ал өзүнүн акылсыз экенин ар кимге эле айта берет.

    10:4 үгер башкаруучуң сага каарданса, ордуңду таштап кетпе, анткени сабырдуулук чоң кылмыштарды да жаап коёт.

    10:5 Мен күн астынан дагы бир жамандыкты көрдүм, ал – өкүмдардан кеткен жаңылыштык:

    10:6 акылсыздарды өтө бийик орунга отургузушат, ал эми байлар төмөнкү орунда отурушат.

    10:7 Мен ат үстүндө жүргөн кулдарды, ал эми төрөлөрдүн кулдарга окшоп жөө жүргөнүн көрдүм.

    10:8 Ор казган адам казган оруна өзү түшөт. Дубалды ураткан адамды жылан чагат.

    10:9 Ташты ордунан жылдырган адам бир жерин мертинтип алышы мүмкүн. Отун жарган адам бир жерин кокустатып алышы мүмкүн.

    10:10 үгерде балта мокоп калса, анын мизи курчутулбаса, анда күчкө салууга туура келет, бирок акылмандык муну оңдой алат.

    10:11 үгерде жылан дарымдаганга чейин чагып алса, анда дарымдоочудан үч кандай пайда жок.

    10:12 Акылдуу адамдын оозунан чыккан сөз – ырайым, ал эми акылсыздын оозунан чыккан сөз өзүн өлтүрөт.

    10:13 Анын оозунан чыккан сөздүн башы – акылсыздык, анын оозунан чыккан сөздүн аягы – акылдан адашкандык.

    10:14 Адам алдыда эмне болорун билбегенине карабастан, акылсыз адам оозуна келгенди сүйлөй берет. өзүнөн кийин эмне болорун ага ким айтып берет?

    10:15 үмгек акылсызды алсыратат, анткени ал шаарга бара турган жолду да билбейт.

    10:16 өлкө, падышаң жаш бала болсо, сага кайгы! Төрөлөрүң таң атпай тамак иче баштаса, сага кайгы!

    10:17 өлкө, падышаң тектүү тукумдан болсо, сага жакшы! Төрөлөрүң тамакты ашыра тоюш үчүн эмес, кубаттаныш үчүн өз убагында жесе, сага жакшы!

    10:18 Жалкоолуктан шып салаңдап калат, шалдайып отура берсе, эйдүн чатырынан суу өтөт.

    10:19 Тойду ыракаттаныш үчүн өткөрүшөт, шарап жашоону шаттандырат. Бирок бардыгын күмүш чечет.

    10:20 Падышаны оюңда да жамандаба, байды уктоочу бөлмөңдө да жамандаба, анткени асман куштары сөзүңдү жеткирип барышы мүмкүн, канаттуу куштар сүйлөгөн сөзүңдү айтып барышы мүмкүн.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск