Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Екклесиаст 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Акылдуу адам кылчу нерсе

    11:1 Наныңды сууга агыз, аны анткени көп күн өткөндөн кийин кайрадан таап аласың.

    11:2 Жети кишиге, атүгүл, сегиз кишиге бөлүп бер, анткени жер үстүндө кандай кырсык болорун билбейсиң.

    11:3 Булуттар сууга толгондо, жерге жамгыр төгөт, эгерде дарак түштүккө же түндүккө куласа, ал кулаган жеринде калат.

    11:4 Шамалды караган адам эгин экпейт, булутту караган адам түшүм жыйнабайт.

    11:5 Сен шамалдын жолун, боюнда бар аялдын курсагында баланын сөөктөрү кантип жаралып жатканын билбегендей эле, бардыгын жасап жаткан Кудайдын иштерин да билбейсиң.

    11:6 үртең менен эрөнүңдү сеп, кечинде да колуңду тындырба, анткени сен тигил же бул иш ийгиликтүү болорун же экөө тең жакшы болорун билбейсиң.

    11:7 Жарык – жакшы нерсе, көз үчүн күндү көрүү жакшы.

    11:8 үгер адам көп жыл жашаса, анда ал өмүрү өткөнчө кубансын, көп боло турган кайгылуу күндөрдү үстей жүрсүн: боло тургандын бардыгы – курулай убаракерчилик!

    Жаштарга кеңеш

    11:9 Жаш чагыңда кубан, жаш улан, жаш күнүңдө жүрөгүң кубанычтын даамын татып калсын, жүрөгүңдүн каалоосу, көзүңдүн жетеги менен жүр, бирок билип кой, ошонун баары үчүн Кудай сени сотко тартат.

    11:10 Жүрөгүңдөн кайгыны жок кыл, денеңди жамандыктан алыс кыл, анткени балалык да, жаштык да – курулай убаракерчилик.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск