Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Екклесиаст 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    12:1 Оор күндөр келгенге чейин, “Жашоого ыраазы эмесмин” дей турган жылдар келгенге чейин, жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба.

    12:2 Күн да, жарык да, ай да, жылдыздар да өчө электе, жамгырдан кийин кайра кара булут каптай электе, Жаратканыңды үсте.

    12:3 Ошол күнү эй кайтаргандар титирейт, кубаттуулар ийилишет, тегирменчилер аз болгондуктан, алардын иши токтойт, терезени карагандар караңгылайт.

    12:4 Көчөнү караган эшиктер бекитилет, тегирмендин ташынын үнү басылат, адамдар короз кыйкырары менен ойгонушат, ырдаган кыздардын үнү басылат.

    12:5 Аларга бийик жерлер коркунучтуу болуп көрүнөт, жолдордо эрөй учурган иштер болот, бадамдар гүлдөп бүтөт, чегирткелер оорлошуп калат, жыпар жыттуу өсүмдүктөр күбүлүп түшөт. Анткени адам өзүнүн түбөлүктүү үйүнө кеткени жатат, көчөдө кошокчу аялдар аны тегеректеп алууга даяр турушат.

    12:6 Күмүш чынжыр эзүлө электе, алтын чөйчөк сына электе, булактын жанындагы кумура сына электе, кудуктун үстүндөгү бара талкалана электе, Жаратканыңды үсте.

    12:7 Топурактан жаралган дене кайра топурак болуп калат, ал эми Кудай берген рух кайра Кудайга кетет.

    12:8 “Түйшүктүн түйшүгү, – деди Насаатчы, – бардыгы түйшүк!”»

    Жыйынтыктоо

    12:9 Насаатчы акылдуу гана болбостон, ал элге билим да берген. Ал баарын сынап көргөн, изилдеген, көп накыл сөздөрдү түзгөн.

    12:10 Насаатчы көркөм накыл сөздөрдү тапканга аракет кылган, чындык сөздөрдү туура жазган.

    12:11 Акылдуу адамдардын сөздөрү ийнедей, кагылган мыктай, аларды түзгөндөр бир Кайтаруучудан.

    12:12 Ал эми ушул сөздөрдөн тышкары айтылган сөздөрдөн сак бол, уулум: китепти көп жаза берсе, аягы болбойт; көп окуса, дене чарчайт.

    12:13 Баарынын жыйынтыгын угалы: Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул адамга өтө керек.

    12:14 Анткени Кудай ар бир ишти соттойт, ар бир жашыруун ишти, ал жакшы иш болобу же жаман иш болобу, Кудай соттойт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск