Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Песнь Песней 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Биринчи ыр

    1:1 «Ал мени оозу менен өпсүн! Анткени сенин сүйүэң шараптан артык.

    1:2 Сенин жыпар жыттуу майларың кандай сонун жыттанат, сенин атың төгүлгөн миррадай, ошондуктан сени кыздар сүйүшөт».

    1:3 «Мени өзүңө тарт!» «Биз сенин артыңдан чуркайбыз». «Падыша мени өзүнүн ички бөлмөлөрүнө киргизди». «Биз сага суктанабыз, сага кубанабыз. Сенин шараптан артык сүйүэңдү мактайбыз. Сен сүйүүгө татыктуусуң!»

    1:4 «Иерусалим кыздары! Мен кара торумун, бирок Кейдардын чатырындай, Сулаймандын пардасындай сулуумун.

    1:5 Менин кара торулугума карабагыла, анткени мен күнгө күйүп калгамын. энемдин уулдары мага ачууланып, жүзүмзарларды кайтартып коюшту, ошондуктан өзүмдүн жүзүмзарымды кайтарган жокмун.

    1:6 Айтчы мага, жаным сүйгөн жигитим, койлоруңду кайсы жерге жаясың? Түштө кайда эс аласың? Койлорун кайтарган жолдошторуңдун жанында жүзүн жапкан аял сыяктуу жүрө беремби?»

    1:7 «Аялдардын эң сулуусу, эгерде сен муну билбесең, анда койлордун изи менен бар, улактарыңды койчулардын чатырларынын жанына кайтар.

    1:8 Сүйгөн кызым, мен сени фараондун арабасына чегилген байталга окшоштурам.

    1:9 Таажы алдындагы жүзүң, мончок тагылган мойнуң кандай сонун.

    1:10 Биз сага күмүш менен жүүктелген алтын таажы жасап беребиз».

    1:11 «Падыша дасторкон үстүндө отурганда, менин жыпар жыттуу майымдын жыты аңкып турду.

    1:12 Менин сүйгөн жигитим төшүмдө жүргөн бир тутам миррадай.

    1:13 Менин сүйгөн жигитим эйин-Геди жүзүмзарларындагы кипердин сабагындай».

    1:14 «Оо, кандай сулуусуң, сүйгөн кызым, кандай сулуусуң, сенин көзүң көгүчкөндүн көзүндөй».

    1:15 «Оо, кандай сулуусуң, сүйгөн жигитим, өзүңө тартып турасың! Төшөгүбүз көк шибер,

    1:16 үйүбүздүн чатыры кедр жыгачынан, үйүбүздүн шыбы кипарис тактайынан».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск