Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Песнь Песней 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    2:1 «Мен Шарондун нарцисс гүлүмүн, өрөөндүн лилия гүлүмүн.

    2:2 Тикенектин арасында лилия гүлү кандай болсо, кыздардын арасында сүйгөн кызым ошондой».

    2:3 «Токойдогу бак-дарактын арасында алма багы кандай болсо, жигиттердин арасында менин сүйгөн жигитим ошондой. Мен анын көлөкөсүндө отурганды жакшы көрөм, анын мөмөлөрү таңдайымда таттуу.

    2:4 Ал мени той үйүнө алып кирди, анын менин үстүмдөгү туусу – сүйүү.

    2:5 Мени мейиз менен кубаттандыргыла, алма менен сергиткиле, анткени мен сүйүүдөн алсырап баратам.

    2:6 Сүйгөн жигитимдин сол колу менин башымдын астында, ал эми оң колу менен мени кучактайт».

    2:7 «Иерусалим кыздары, мага жейрен менен, элик менен ант бергиле: өзү кааламайынча, сүйгөн кызымды ойготпогула, тынчын албагыла».

    үкинчи ыр

    2:8 «Сүйгөн жигитимдин үнү чыгып жатат! Мына, ал келе жатат, тоолор менен чаап, адырлар менен секирип келе жатат.

    2:9 Менин досум жейренге же жаш бугуга окшош. Мына, ал биздин дубалдын ары жагында туруп алып, терезеден карап жатат, терезенин торунан тиктеп жатат!

    2:10 Сүйгөн жигитим мага минтип сүйлөй баштады: “Тур, сүйгөн кызым, сулуум, жүр мени менен!

    2:11 Мына, кыш да өтүп кетти, жаан жаачу учур бүтүп, жаан басылды.

    2:12 Жер бетине гүлдөр чыга баштады, ырдай турган мезгил келди, өлкөбүздө бактек үнү угула баштады.

    2:13 Анжыр багы бүчүр жарды, жүзүм сабактары гүлдөп, жытын аңкытып жатат. Тур, сүйгөн кызым, сулуум, жүр мени менен!

    2:14 Аска-зоонун далдасындагы, аскалардын жаракасындагы көгүчкөнүм! Мага жүзүңдү көрсөт, мага үнүңдү угуз! Анткени үнүң таттуу, жүзүң жагымдуу!”

    2:15 Бизге жүзүмзарларды бүлдүрүп жаткан түлкүлөрдү, бачикилерди кармап бергиле, анткени жүзүмзарларыбыз гүлдөп жатат.

    2:16 Сүйгөн жигитим мага таандык, мен ага таандыкмын, ал лилия гүлдөрүнүн арасында кой кайтарып жүрөт.

    2:17 Таң агарып, көлөкөлөр кача баштаганга чейин кайрылып кел, жейрендей же тоонун жаракасындагы жаш бугудай бол!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск