Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Песнь Песней 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    3:1 Түн ичинде төшөгүмдө жатканда, жаным сүйгөн жигитти издедим, аны издедим, бирок таппай койдум.

    3:2 Мен эми турайын, шаарды, көчөлөрдү, аянттарды аралап, жаным сүйгөн жигитти издейин. Мен аны издедим, бирок таппай койдум.

    3:3 Менин алдыман шаарды кыдырып жүргөн күзөтчүлөр чыгышты, мен алардан: “Силер менин жаным сүйгөн жигитти көрдүңөрбү?” – деп сурадым.

    3:4 Бирок мен алардан өтө бергенде жаным сүйгөн жигитимди таптым. Мен аны бек кармап алып, энемдин үйүнө алып келгенче, энемдин төркү үйүнө алып келгенче коё берген жокмун».

    3:5 «Иерусалим кыздары, жейрен менен, элик менен ант бергиле: өзү кааламайынча, сүйгөн кызымды ойготпогула, тынчын албагыла».

    Єчүнчү ыр

    3:6 «Күйүп жаткан миррадан, фимиамдан жана мирра кайнаткан адамдын ар кандай аралашмасынан чыккан түтүн түрмөгүндөй болуп, чөлдөн келе жаткан бул ким?

    3:7 Бул – Сулаймандын көтөрүп жүрмө тактысы, аны Ысрайыл уулдарынан тандалган алтымыш жигит кайтарып турат.

    3:8 Алардын баары бирден кылыч кармап турат, баары майданда тажрыйбалуу, түнкү коркунучтан улам ар биринин белинде кылыч.

    3:9 Сулайман өзүнө Лебанон дарагынан көтөрүп жүрмө такты жасады.

    3:10 Анын мамыларын күмүштөн, чыканак койчу кырларын алтындан, отургучун кочкул кызыл жибектен жасады, ичин Иерусалим кыздарынын сүйүүсү менен жасалгалаган.

    3:11 Сиондун кыздары, келгиле, таажы кийип отурган Сулайман падышаны көргүлө. Бул таажыны энеси үйлөнүү той күнү, жүрөгү кубанычка баткан күнү кийгизген».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск