Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Песнь Песней 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    4:1 «Оо, кандай сулуусуң, сүйгөн кызым, кандай сулуусуң! Тармал чачыңдын астындагы көзүң көгүчкөндүн көзүндөй. Чачың Гилат тоосунан түшүп келе жаткан эчкилердей.

    4:2 Тиштериң суудан чыгып келе жаткан кыркылган койлордой, алардын ар биринин эгиз козулары бар, алардын арасында кысыр калганы жок.

    4:3 үрдиң кызыл тасмадай, оозуң татынакай, тармал чачтарыңдын астындагы эки бетиң экиге бөлүнгөн анардай.

    4:4 Мойнуң Дөөттүн курал-жарактар үчүн курулган мунарасындай, ага баатырлардын миңдеген калкандары илинген.

    4:5 Төшүң лилия гүлдөрүнүн арасында оттоп жүргөн эгиз жаш жейрендей.

    4:6 Таң агарып, көлөкөлөр кача баштаганга чейин, мирра тоосуна, фимиам адырына барайын.

    4:7 Бүт турпатың келишкен, сүйгөн кызым, сенде үч кандай кемчилик жок!

    4:8 Колуктум, жүр мени менен, Лебанондон кетели! Жүр, Лебанондон кетели, Амана тоосунан, Сенир менен Хермон тоосунан, арстандардын үңкүрүнөн, илбирстердин тоосунан кеткенге шашыл!

    4:9 Сен менин жүрөгүмдү туткундап алдың, карындашым, колуктум! Сен менин жүрөгүмдү көз карашың менен эле, мойнуңдагы шуруң менен эле туткундап алдың.

    4:10 Оо, сенин сүйүэң теңдешсиз, карындашым, колуктум! Сенин сүйүэң шараптан таттуу, сенин аңкыган жытың бардык жыпар жыттуу заттардан жыттуу!

    4:11 Оо колуктум, оозуңдан тартылбаган бал тамат, тилиңдин асты – бал менен сүт. Кийимиңдин аңкыган жыты Лебанондун аңкыган жытындай!

    4:12 Карындашым, колуктум, кулпуланган баксың, бекитилген кудуксуң, мөөр басылган булаксың.

    4:13 Сенин көчөт отургузулган багың – сонун мөмөлүү анар багы,

    4:14 шиңгил мөмөлүү кипер бадамы, нард, заапаран, айир, дарчин, ар кыл жыпар жыттуу бак-дарактар, мирра, алой, ар кандай, эң сонун жыпар жыттуу өсүмдүктөр өскөн бак.

    4:15 Сен бак ичиндеги булаксың – тирүү суусу бар кудуксуң, Лебанон тоосунан агып түшкөн суусуң.

    4:16 Ойгон, түндүк шамалы, кел, түштүк шамалы! Менин багыма сок, ошондо анын жыпар жыты аңкыйт!» «Сүйгөн жигитим өзүнүн багына келсин, анын ширин мөмөлөрүнөн жесин!»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск