Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Екклесиаст 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    2:1 Мен жүрөгүмдө: “Мен сени шаттык менен сынап көрөйүн, жакшы нерселерден ыракат ал”, – дедим. Бирок бул да курулай убаракерчилик экен!

    2:2 Мен күлкү тууралуу: “Бул – акылсыздык», – дедим, ал эми шаттык тууралуу: «Мындан эмне пайда?” – дедим.

    2:3 Жүрөгүмдө денемди шарап менен ыракаттандырайын деген ойго келдим. Бирок жүрөгүмдү акыл башкаргандыктан, адам баласы үчүн эмне жакшы экенин, ал өзүнүн кыска өмүрүндө, асман астында эмне кылыш керек экенин билүү үчүн, акылсыздыкты сынап көрөйүн дедим.

    2:4 Мен чоң иштерди жасадым: өзүмө үйлөрдү, жүзүмзарларды отургуздум,

    2:5 бакчаларды, сейил бактарды өстүрдүм, аларга мөмөлүү дарактардын түрүн отургуздум.

    2:6 Токойдо өскөн бак-дарактарды сугарып туруу үчүн, көлмөлөрдү курдум.

    2:7 Кулдарды жана күңдөрдү сатып алдым, менин үйүмдө төрөлгөн кулдар да бар болчу. Ошондой эле менин бодо жана майда малым Иерусалимде менден мурун жашагандардын баарыныкынан көп болчу.

    2:8 Падышалардан жана дубан башчылардан алтын, күмүш, кымбат баалуу таштарды чогулттум. Көп ырчы кыз-жигиттерди күттүм, адам баласынын ырахаты болгон ар түрдүү музыкалык аспаптарым бар эле.

    2:9 Ошентип, мен Иерусалимде менден мурун жашагандардын баарынан улуу жана бай адам болдум; акылмандыгым да мага жардам берди.

    2:10 Көзүмдүн бир да каалоосун четке каккан жокмун. Жүрөгүм каалаган кубанычты тыйган жокмун, анткени жүрөгүм менин бардык иштериме кубанып турду, бул менин бардык иштеримден алган элүшүм болду.

    2:11 Анан мен өз колум менен жасаган иштердин баарын жана өзүм эмгектенген эмгегимди карап, мындай чечимге келдим: бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу, күн астында алардан пайда жок!

    2:12 Ошондо мен акылмандыкка да, акылсыздыкка да, түркөйлүккө да көз салып көрөйүнчү деп кайрылдым. Падышадан кийин келген адам эмне кыла алат? Буга чейин жасалып келген нерсени эле кыла алат.

    2:13 Ошентип, мен караңгылыктын жанында жарык кандай артыкчылыкка эү болсо, акылсыздыктын жанында акылмандык ошондой артыкчылыкка эү экенин көрдүм.

    2:14 Акылмандын көзү өз башында, ал эми акылсыз караңгылыкта жүрөт. Бирок баарынын башына бир эле нерсе түшөрүн билдим.

    2:15 Анан жүрөгүмдө мындай дедим: “Акылсыздын башына түшкөн нерсе, менин башыма да түшөт, андай болсо эмне үчүн мен абдан акылдуу болдум?” Ошондо: “Бул да – курулай убаракерчилик”, – дедим.

    2:16 Анткени акылдууну деле акылсыздай түбөлүккө унутушат, келечекте бардыгы унутулат. Тилекке каршы, акылдуу да акылсыз сыяктуу эле өлөт.

    2:17 Мен өмүрдү жек көрүп калдым, анткени күн астында жасалып жаткан иштердин бардыгы мага жакпай калды. Анткени бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

    2:18 Ошентип, мен күн астында жасаган эмгегимдин бардыгын жек көрүп калдым, анткени мен аны өзүмдөн кийинки адамга калтырышым керек.

    2:19 Анын акылдуу болорун же акылсыз болорун ким билет? Бирок ал менин күн астында акылмандуулук кылып эмгектенген иштеримдин баарына эүлик кылат. Бул да курулай убаракерчилик экен!

    2:20 Ошондо мен жүрөгүмдү күн астында кылган бардык эмгектеримден көңүл калууга бурдум,

    2:21 анткени кайсы бир адам акылын, билимин колдонуп, ийгиликтүү эмгектенип, анан бардыгын эмгектенбеген адамга ошонун элүшү болгонсуп калтырууга тийиш. Бул да курулай убаракерчилик жана чоң жамандык экен!

    2:22 Ошондуктан адам күн астында эмгектенген бардык эмгегинен, жүрөгүнүн түйшүктөрүнөн эмне табат?

    2:23 Анткени анын бүт өмүрү – кайгы, бардык эмгеги – тынчсыздануу. Атүгүл, түн ичинде анын жүрөгү тынч албайт. Бул да курулай убаракерчилик экен!

    2:24 Ичип-жеп жыргоо, өз эмгегинен ыракат алуу да адамдын бийлигинде эмес. Мен бул нерсе да Кудайдын колунда экенин көрдүм.

    2:25 Анткени Ансыз ким ичип-жеп, ыракаттана алат?

    2:26 Анткени Теңир өзүнө жаккан адамга акыл да, билим да, кубаныч да берет, ал эми күнөөкөр адамга жыюу, чогултуу түйшүгүн берет. Анан анын жыйгандарын Кудай өзүнө жаккан адамга берет. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск