Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Екклесиаст 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Бардык нерсенин өз убагы бар

    3:1 Бардык нерсенин өз убагы бар, асман астындагы ар бир нерсенин өз убагы бар.

    3:2 Төрөлө турган убак бар, өлө турган убак бар. Отургуза турган убак бар, жула турган убак бар.

    3:3 өлтүрө турган убак бар, дарылай турган убак бар. Буза турган убак бар, кура турган убак бар.

    3:4 Ыйлай турган убак бар, күлө турган убак бар. Кайгыра турган убак бар, бийлей турган убак бар.

    3:5 Таштарды чача турган убак бар, таштарды жыйнай турган убак бар. Кучакташа турган убак бар, кучакташпай турган убак бар.

    3:6 Издей турган убак бар, жогото турган убак бар. Сактай турган убак бар, таштай турган убак бар.

    3:7 Жырта турган убак бар, жамай турган убак бар. Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар.

    3:8 Сүйө турган убак бар, жек көрө турган убак бар. Согуша турган убак бар, тынч жашай турган убак бар.

    3:9 Жумушчуга өзүнүн иштеген ишинен эмне пайда?

    3:10 Кудай адам баласына машыксын деп берген мына ушул түйшүктү көрдүм.

    3:11 Адам Кудайдын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин түшүнө албаса да, Ал бардык нерсени өз убагында сонун кылып жасады, алардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды.

    3:12 Адамга өз өмүрүндө кубануудан жана жакшылык кылуудан артык үч нерсе жок экенин түшүндүм.

    3:13 үгерде адам ичип-жеп, ар бир ишинин эзүрүн көрүп жатса, анда бул – Кудайдын белеги.

    3:14 Кудай жасагандын бардыгы түбөлүктүү экенин түшүндүм, ага үч нерсе кошууга да, андан үч нерсени алууга да болбойт. Кудай өзүнөн коркуп турушу үчүн ушундай кылып жараткан.

    3:15 Мурун болгон нерсе азыр да бар, боло турган нерсе мурун да болгон. Кудай өткөндү кайра чакырат.

    Дүйнөдөгү адилетсиздик жөнүндө

    3:16 Дагы мен күн астынан адилеттик боло турган жерде мыйзамсыздык болуп жатканын көрдүм, чындык боло турган жерде алдамчылык болуп жатканын көрдүм.

    3:17 Ошондо мен жүрөгүмдө мындай деп айттым: “Адил адамды да, мыйзамсыз адамды да Кудай соттойт, анткени ар бир нерсенин өз убагы бар, ал жерде ар бир иштин үстүнөн сот болот”.

    3:18 Мен жүрөгүмдө адам баласы тууралуу мындай дедим: “Аларды Кудай сынасын, алар өздөрүнүн жаныбар сыяктуу эле экенин көрүшсүн”.

    3:19 Анткени адам баласынын элүшү менен жаныбарлардын элүшү бир. Адамдар өлгөндөй эле, булар да өлүшөт, бардыгы бирдей дем алат, адамдын жаныбардан үч кандай артыкчылыгы жок, анткени бардыгы – курулай убаракерчилик!

    3:20 Бардыгы бир жерге барат, бардыгы топурактан жаралган, бардыгы кайра топуракка айланат.

    3:21 Адам баласынын жаны жогору көтөрүлөбү, жаныбарлардын жаны төмөн жакка түшөбү, муну ким билет?

    3:22 Ошентип, мен адам үчүн өз иштери менен ыракаттангандан артык үч нерсе жок экенин көрдүм, анткени бул – анын элүшү. өзүнөн кийин эмне болорун көргөнгө аны ким алып келет?

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск