Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Екклесиаст 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    4:1 Анан мен күн астында болуп жаткан ар кандай эзүүнү көрдүм: мына, эзилгендердин көз жашы агып жатат, бирок алардын сооротуучусу жок. Аларды эзип жаткандардын колунда – күч, ал эми алардын сооротуучусу жок.

    4:2 Ошондо мен ушул күнгө чейин жашап жаткан тирүүлөргө караганда небак өлгөндөр бактылуу деп эсептедим.

    4:3 Ал эми бул экөөнө караганда төрөлбөгөндөр – күн астында болуп жаткан кыянат иштерди көрбөгөндөр бактылуу.

    4:4 Мен ар бир эмгек, ар бир иштин ийгилиги адамдар арасында өз ара көрө албастыкты туудуруп жатканын көрдүм. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

    4:5 Акылсыз адам колун куушуруп отура берип, өз денесин жейт.

    4:6 Мүэнет жана рухтун кыйналуусу менен табылган кош уучка караганда тынчтык менен табылган бир ууч артык.

    4:7 Анан мен күн астындагы дагы бир курулай убаракерчиликти көрдүм:

    4:8 жалгыз адам, анын үч кимиси жок, баласы да, бир тууганы да жок, бирок иши бүтпөйт, көзү да байлыкка тойбойт. “Деги мен ким үчүн эмгектенип, жанымды жыргалдан ажыратып жатам?” Бул да курулай убаракерчилик жана жакшы иш эмес экен!

    4:9 Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы, анткени алар өздөрүнүн эмгеги үчүн жакшы сыйлык алышат.

    4:10 Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат. Бирок жыгылса тургузары жок жалгыз адамга кайгы.

    4:11 үгерде экөө чогуу жатса, аларга жылуу болот. Ал эми жалгыз адам кантип жылыйт?

    4:12 үгерде кимдир бирөө жалгыз адамды жеңе ала турган болсо, анда экөө ага каршы тура алат. Єч катталган жип да оңой менен эзүлбөйт.

    4:13 Кары, бирок кеңешти кабыл алганды билбеген акылсыз падышага караганда жарды, бирок акылдуу жаш улан артык.

    4:14 Ал өз өлкөсүндө жарды болуп төрөлсө да, зындандан падышачылык кылганы чыгат.

    4:15 Мен күн астында жүргөн адамдардын баары анын ордун эүлей турган башка улан менен бирге жүргөнүн көрдүм.

    4:16 Анын алдында турган элге сан жетпейт, бирок кийинкилер ага кубанышпайт. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

    4:17 Кудайдын үйүнө баратканыңда, бутуңду байка, баарынан да, укканга даяр бол. Анткени бул акылсыздардын курмандык чалганына караганда жакшы, анткени алар жаман иш кылып жатканын түшүнүшпөйт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск