Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Екклесиаст 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Ойлонбой убада берүүдөн абайлатуу

    5:1 Сүйлөгөнгө шашылба, жүрөгүң да Кудайдын алдында сүйлөгөнгө ашыкпасын, анткени Кудай асманда, сен болсо жердесиң, ошондуктан аз сүйлө.

    5:2 Түштөр түйшүктүн көптүгүнөн кирет; акылсыздын үнү көп сүйлөгөнүнөн билинет.

    5:3 Кудайга убада берсең, аны кечиктирбей аткар, анткени Ал акылсыздарга ырайым кылбайт, берген убадаңды аткар.

    5:4 Убада берип аткарбай койгондон көрө, убада бербегениң жакшы.

    5:5 Тилиңдин денеңди күнөөгө батыруусуна жол бербе. Кудайдын периштесинин алдында: “Бул – жаңылыштык”, – дебе. Болбосо Кудай сенин сөзүңө каарданып, колуң менен кылган иштериңди кыйратып салат.

    5:6 Анткени көп түш көргөндөн курулай убаракерчилик жана сөз көп болот, бирок сен Кудайдан корк.

    5:7 үгерде сен кайсы бир дубанда кедейлер кысымга алынып, адилеттик менен чындык бурмаланып жатканын көрсөң, буга таң калба, анткени жогоркунун үстүнөн андан жогорку карап турат, анын үстүнөн эң жогорку көз салып турат.

    5:8 өлкөнүн артыкчылыгы болсо өлкөсү үчүн кам көргөн падыша болуп эсептелет.

    5:9 Күмүштү сүйгөн адам күмүшкө тойбойт. Байлыкты сүйгөн адам андан пайда таппайт. Бул да – курулай убаракерчилик!

    5:10 Мал-мүлк көбөйгөн сайын, аны пайдалангандар да көбөйөт. Ага эүлик кылгандар аны карап туруудан бөлөк кайсы бакытты табышат?

    5:11 Көп жейби, аз жейби, эмгекчинин уйкусу таттуу. Ал эми байдын ашыра тоюп алганы өзүнө уйку бербейт.

    5:12 Мен күн астында кайгылуу нерсе бар экенин көрдүм: байлык, сактап жүргөн эүсине зыян келтирет.

    5:13 Ал байлык күтүлбөгөн кырсыктардан жок болот: андан уул төрөлдү, бирок анын колунда үч нерсе жок.

    5:14 Ал энесинин курсагынан кандай жылаңач чыкса, ошондой жылаңач кетет, өз эмгегинен колуна үч нерсе көтөрүп кете албайт.

    5:15 Бул да кайгылуу нерсе: ал кандай келсе, ошондой кетет. Текке кеткен эмгегинен ал эмне пайда тапты?

    5:16 Ал болсо өмүрү өткөнчө караңгыда, туталанып, капаланып, ачууланып тамак жеген.

    5:17 Мен жакшы жана жагымдуу нерсени да таптым, бул – адамдын өзүнүн Кудай берген бүт өмүрүндө күн астында кылган бардык эмгегинен ыракат алуусу, жеп-ичүүсү, анткени бул – анын элүшү.

    5:18 үгерде кайсы бир адамга Кудай байлык жана мал-мүлк берсе жана ага аларды пайдаланууга бийлик берсе, өз элүшүн алса, эмгегинин эзүрүн көрсө, анда бул – Кудайдын белеги.

    5:19 Ал өз жашоосунун кыскалыгы жөнүндө көп ойлонбойт, анткени Кудай анын жүрөгүн кубанычка толтурган.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск