Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Екклесиаст 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    6:1 Мен күн астынан дагы бир жамандыкты көрдүм, бул нерсе адамдар арасында көп кездешет.

    6:2 Кудай адамга байлыкты да, мал-мүлктү да, атак-даңкты да берет, анын жаны үч нерседен кем эмес, анын каалаганынын баары бар, бирок Кудай ага аларды пайдаланууга жол бербейт, аларды башка киши пайдаланат. Бул – курулай убаракерчилик жана оор дарт!

    6:3 үгерде кайсы бир адам жүз балалуу болуп, көп жыл жашаса, анын өмүрү дагы узарса, бирок анын жаны жакшылык көрүп ыракаттанбаса, атүгүл, аны көмүшпөсө, анда мен: “Ага караганда бойдон түшкөн бала бактылуу, – дүүр элем.

    6:4 Анткени ал бекер эле келип, караңгылыкка кетти. Анын ысымын караңгылык жашырып коёт.

    6:5 Ал күндү көргөн да, билген да эмес. Тигиге караганда буга тынчыраак.

    6:6 Ал эми тиги эки миң жыл жашап, жакшылык көрүп ыракаттанбаса да, баары эле бир жерге барат эмеспи!”

    6:7 Адамдын бүткүл эмгеги – кекиртеги үчүн, бирок анын жаны тойбойт.

    6:8 Акылдуу акылсыздын алдында кандай артыкчылыкка эү? Адамдар менен мамилелешкенди билген жардынын кандай артыкчылыгы бар?

    6:9 Жаны менен адашканча, көзү менен көргөн артык. Бул да ошондой эле курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

    6:10 Азыр бар нерсеге мурун эле ат коюлган, ал адам экени да белгилүү, анын өзүнөн Күчтүү менен талашып-тартыша албасы да белгилүү.

    6:11 Түйшүктү арбыткан ушундай нерселер көп. Деги адам үчүн эмне жакшы болду экен?

    6:12 Жашоодо адам үчүн эмне жакшы экенин ким билет? Анын түйшүктүү өмүрү көлөкө сыяктуу өтүп кетет. Адамдын көзү өтүп кеткенден кийин, күн астында эмне болорун ага ким айтып берет?

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск