Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Екклесиаст 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Жашоо жөнүндө ой жүгүртүү

    7:1 Жакшы ат кымбат баалуу, жыпар жыттуу майдан артык, өлгөн күн туулган күндөн артык.

    7:2 Той болуп жаткан эйгө баргыча, өлгөн кишини жоктоп ыйлап жаткан эйгө барган жакшы, анткени ар бир адам өлөт, тирүү адам муну жүрөгүнө салып койсун.

    7:3 Күлкүгө караганда кайгы жакшы, анткени адам кайгырганда, жүрөгү жакшы болуп калат.

    7:4 Акылдуу адамдардын жүрөгү – ыйлагандардын үйүндө, ал эми акылсыз адамдардын жүрөгү – көңүл ачкандардын үйүндө.

    7:5 Акылсыздардын ырларын уккандан көрө, акылмандын ашкерелегенин уккан жакшы.

    7:6 Анткени акылсыздардын күлкүсү – казандын астындагы тикенектин чартылдаганындай. Бул да – курулай убаракерчилик!

    7:7 Акылдуу адам башка бирөөлөрдү кысымга алып акылсыз болот. Белек жүрөктү бузат.

    7:8 Иштин аягы иштин башталышынан жакшы, чыдамкай адам менменсинген адамдан артык.

    7:9 Ачууланганга шашпа, анткени ачуу акылсыздардын жүрөгүндө уялайт.

    7:10 “үмне үчүн азыркы күндөргө караганда өткөн күндөр жакшы эле?” дебе, анткени сен муну акылдуу болгонуңдан сурап жаткан жоксуң.

    7:11 Акылмандуулук мурас сыяктуу эле жакшы, айрыкча күндү көрүп тургандарга жакшы.

    7:12 Анткени анын далдаасында болуу – күмүштүн далдаасында болууга барабар. Бирок билимдин артыкчылыгы бул: акылмандык акылмандыкка эү болгон адамга өмүр берет.

    7:13 Кудайдын кылган ишине көз чаптыр: Ал кыйшык кылып койгон нерсени ким түздөй алат?

    7:14 Бакыбат күндөрү кубан, ал эми бактысыздык болуп турган күндөрү ойлон. Адам баласы өзүнүн келечеги жөнүндө билбесин деп, аны да, муну да Ал өзү кылган.

    7:15 Мен өзүмдүн түйшүктүү өмүрүмдө баарын: адил адамдын адил жашап жүрүп өлгөнүн, мыйзамсыз адам мыйзамсыздык кылып көп жашаганын көрдүм.

    7:16 өзүңдү өтө адил адам кылып көрсөтпө, акылдуусунба, өзүңдү өзүң ойрон кылып эмне кыласың?

    7:17 Күнөөгө берилбе, акылсыз болбо, мезгилсиз өлгөндүн сага эмне кереги бар?

    7:18 үгерде сен бирин сактап, экинчисинен да колуңду албасаң, анда жакшы, анткени Кудайдан корккон адам экөөнөн тең качып кутулат.

    7:19 Акылмандык акылдуу адамды шаардагы он өкүмдардан күчтүү кылат.

    7:20 Жер үстүндө жакшылык кылып, күнөө кылбаган бир да адил адам жок.

    7:21 Кулуңдун сени жамандап жатканын угуп калбашың үчүн, айтылган ар кандай сөзгө көңүл бура бербе.

    7:22 Анткени сенин жүрөгүң өзүңдүн да бирөөлөрдү жамандаган учурларыңды жакшы билет.

    7:23 Мен мунун баарын акылмандык менен сынап көрдүм, мен: “Акылдуу адам болом”, – дедим, бирок акылмандык менден алыс.

    7:24 Болуп өткөн нерсе алыс жана терең: аны ким таанып биле алат?

    7:25 Мен акылды жана акылмандыкты билгенге, изилдегенге, издеп тапканга жана акылсыздын мыйзамсыздыгын жана наадандыкты, акылсыздыкты таанып билгенге көңүл койдум.

    7:26 Ошондой эле мен аялдын өлүмдөн да ачуу экенин түшүндүм, анткени аял өзү – тор, жүрөгү – тузак, колу – кишен. Кудайдын алдында адил адам андан куткарылат, ал эми күнөөкөр анын торуна түшөт.

    7:27 Биринин артынан бирин сынап жатып, мен мына ушуну түшүндүм, – деди Насаатчы.

    7:28 Менин жаным издеп, бирок таба албаган дагы эмне бар? Миңдин арасынан бир гана эркек таптым, алардын арасынан бир да аял таппадым.

    7:29 Мен муну гана түшүндүм: Кудай адамды адил кылып жараткан, бирок адамдар ар кандай ойлоп чыгарылган нерселерге берилип кетишкен.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск