Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Екклесиаст 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    8:1 Ар кандай нерсенин маанисин акылман түшүнгөндөй ким түшүнө алат? Адамдын акылдуулугу өзүнүн жүзүн жарык кылат, анын катаал жүзү өзгөрөт.

    Падышага баш ийүү

    8:2 Мен мындай кеңеш берем: “Падышанын сөзүн Кудайдын алдындагы антты аткаргандай аткар.

    8:3 Анын алдынан кеткенге шашпа, жаман ишиңден кайтпай туруп алба, анткени ал каалаганынын баарын кылып коё алат”.

    8:4 Падышанын сөзү бар жерде бийлик бар. Ага: “үмне кылып жатасың?” – деп, ким айта алат?

    8:5 Осуятты сактаган адам үч жамандык көрбөйт: акылдуу адамдын жүрөгү убакытты да, мыйзамды да билет.

    8:6 Анткени ар бир нерсенин өз убактысы, өз мыйзамы бар. Бирок адамдын көп жамандык көргөнү –

    8:7 келечекте эмне болорун билбегенинде. Келечеги кандай болорун ага ким айтып берет?

    8:8 Адамдын шамалды кармап калыш үчүн, шамалдын үстүнөн бийлиги жок, анын өлүм келген күндүн үстүнөн бийлиги жок, согуш учурунда бошонуу жок, мыйзамсызды мыйзамсыздык куткара албайт.

    Мыйзамсыздар жана адил адамдар

    8:9 Мен булардын баарын көрдүм, күн астында болуп жаткан ар кандай иштерге көңүл койдум. Адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирген учур да болот.

    8:10 Мен ошондо ыйык жерге келип-кетип жүргөн мыйзамсыздарды көмүп жатышканын көрдүм. Алар шаарда ушундай иштерди кылышчу, бирок ошол шаардын тургундары аларды унутуп коюшканын көрдүм. Бул да курулай убаракерчилик экен!

    8:11 Кыянат иштерди кылган адамдар дароо эле жазаланышпайт. Ушундан улам адам баласынын жүрөгү кыянаттык кылуудан коркпойт.

    8:12 Күнөөкөр адам жүз ирет кыянаттык кылса жана анысын уланта берсе да, мен Кудайдан корккондорго, Аны урматтагандарга жакшы болорун билем.

    8:13 Ал эми мыйзамсыз адам жакшылык көрбөйт, ким Кудайды урматтабаса, ал көлөкө сыяктуу көпкө турбайт.

    8:14 Жер үстүндө дагы мындай түйшүк бар: мыйзамсыздар өз иштерине жараша көрө турганды адил адамдар көрөт, ал эми адил адамдар өз иштерине жараша көрө турганды мыйзамсыздар көрөт. Ошондо мен: “Бул да – курулай убаракерчилик!” – дедим.

    8:15 Ошондо мен кубанычты мактадым, анткени адам үчүн күн астында жеп-ичип көңүл ачкандан артык үч нерсе жок. Кудай күн астында берген өмүрү өткөнчө, адамдын бүт эмгегин бул кубаныч коштоп жүрөт.

    8:16 Мен акылмандуулукка жетүүгө жана жер үстүндө болуп жаткан иштерди, адам баласынын күндүз да, түн ичинде да уйку көрбөй иштеген иштерин көрүүгө көңүл койдум.

    8:17 Ошондо мен Кудайдын бардык иштерин көрүп, күн астында болуп жаткан нерселерди адам баласы түшүнө албастыгын билдим. Адам аны изилдөөгө канчалык аракеттенбесин, баары бир түшүнө албайт. эгерде бир даанышман мен билем десе да, ал аны түшүнө албайт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск