Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Екклесиаст 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Бардыгы курулай убаракерчилик

    1:1 Иерусалимдеги падыша Дөөттүн уулу, Насаатчынын сөздөрү.

    1:2 «Түйшүктүн түйшүгү, – деди Насаатчы, – түйшүктүн түйшүгү – бардыгы түйшүк!

    1:3 Адамга өзүнүн күн астында мүэнеттенген эмгегинен эмне пайда?

    1:4 Бир муун өтөт, бир муун келет, жер болсо кылымдан кылымга тура берет.

    1:5 Күн чыгат, күн кайра батат, ал өзүнүн ордуна, чыккан жерине шашат.

    1:6 Шамал түштүккө согот, андан түндүккө өтөт, ал өз жолу менен тегеренип жүрүп, чыккан жерине кайтат.

    1:7 Дарыялардын баары деңизге барып куят, бирок деңиз ашып-ташып кетпейт, кайра агыш үчүн, дарыялар өздөрүнүн чыккан жерине кайтышат.

    1:8 Бардыгы эмгектенүүдө. үч ким аны сөз менен айтып жеткире албайт. Көз көргөнүнө тойбойт, кулак укканына тойбойт.

    1:9 Мурун эмне болсо, азыр да ошол боло берет, мурун эмне жасалса, азыр да ошол жасала берет, демек, күн астында жаңы үч нерсе жок.

    1:10 Адамдар: “Карасаң, бул – жаңы нерсе”, – деп айта турган бир нерсе болушу мүмкүн, бирок ал бизден мурун, өткөн кылымдарда эле болгон.

    1:11 Мурун болгон нерселер үстелбейт, ошондой эле боло турган нерселер кийинкилердин эсинде калбайт.

    Насаатчынын турмуштук тажрыйбасы

    1:12 Мен, Насаатчы, Иерусалимде Ысрайылдын падышасы болгом.

    1:13 Мен асман астында эмне болуп жатса, ошонун баарын акыл менен сынаганга, изилдегенге көңүл койдум: бул татаал ишти Кудай адам баласына машыгып турсун деп берген.

    1:14 Мен күн астында жасалып жаткан иштердин баарын көрдүм, анын бардыгы – курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу!

    1:15 Ийри түзөлбөйт, жок нерсени бар деп эсептөөгө болбойт.

    1:16 Мен өзүмө өзүм мындай дедим: “Мына, мен Иерусалимге менден мурун бийлик кылгандарга караганда көбүрөөк акылмандуулукка эү болдум. Менин жүрөгүм көп акылмандыкты жана көп билимди көрдү”.

    1:17 Мен акылмандыкты таанып билүүгө, акылсыздык менен түркөйлүктү таанып билүүгө көңүл койдум. Бул да рухтун кыйналуусу экенин билдим.

    1:18 Анткени акылмандуулук канчалык көп болсо, кайгы ошончолук көп, билимин арттырган адам кайгысын арттырат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск