Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 31

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    31-БөЛЄМ

    Лемуел падышанын сөздөрү

    31:1 Лемуел падышанын сөздөрү. энесинин ага айткан акыл-насааттары булар:

    31:2 «үмне болду, уулум? эмне болду, жатынымдан чыккан уулум? эмне болду, убада берип төрөгөн уулум?

    31:3 Күчүңдү аялдарга бербе, жолдоруңду падышаларды ойрон кылган бузулган аялдарга бербе.

    31:4 Лемуел, падышаларга шарап, мырзаларга күчтүү ичимдик ичкенге болбойт.

    31:5 Алар ичкилик ичип алып, мыйзамды унутуп коюшпасын, эзилгендерге адилетсиздик кылышпасын.

    31:6 Ичкиликти өлүп бара жаткан адамга бергиле, шарапты кайгыга баткан адамга бергиле.

    31:7 Ал ичип, жакырлыгын унутсун, өзүнүн кайгысын эсинен чыгарсын.

    31:8 Оозуңду сүйлөй албай тургандар үчүн, жетимдерди коргош үчүн ач.

    31:9 Оозуңду акыйкаттык үчүн, алсыздар менен жарды-жалчылардын иши үчүн ач».

    31:10 Ким жакшы аял таба алат? Анын баасы асыл берметтерден да жогору.

    31:11 Ага күйөөсүнүн жүрөгү ишенет, күйөөсү кирешесиз калбайт.

    31:12 Ал күйөөсүнө өмүрү өткөнчө жамандык менен эмес, жакшылык менен гана кайтарат.

    31:13 Ал жүн, зыгыр буласын өндүрөт, өз колу менен чын жүрөктөн иштейт.

    31:14 Ал аял соодагерлердин кемелерине окшоп, өзүнүн нанын алыстан табат.

    31:15 Ал таң ата электе эле туруп, үйүндөгүлөргө тамак берип, күңдөрүнө белгиленген иштерди тапшырат.

    31:16 Жер алгысы келсе, ага да эү болот. өз колунун жемиши менен жүзүмзар отургузат.

    31:17 Белин бекем бууп, булчуңдарын чыңайт.

    31:18 Ал өз ишинин жакшы экенин сезет, анын чырагы түн ичинде да өчпөйт.

    31:19 Колун жип ийрүүчү чарыкка сунат, колуна ийик алат.

    31:20 Жардыларга алаканын ачат, муктаж болгондорго колун сунат.

    31:21 Суук болгондо эй-бүлөм эшүйт деп коркпойт, анткени анын бүт эй-бүлөсү эки сыйрадан кийим кийген.

    31:22 Ал өзүнө килем согот, ак мата менен кызыл шайыдан кийим киет.

    31:23 Анын күйөөсү – кадырлуу адам, дарбаза алдында уруу аксакалдары менен отурат.

    31:24 Ал жабуу жасап сатат, финикиялык соодагерлерге кур жеткирет.

    31:25 Күч менен сулуулук – анын кийими, ал келечекке кубанычтуу карайт.

    31:26 Акылмандык менен сүйлөйт, момундук менен акыл-насаат айтат.

    31:27 Ал өз үйүндөгү чарбасына көз салат, бекер тамак жебейт.

    31:28 Балдары туруп, аны сыйлашат, күйөөсү туруп, аны мактайт:

    31:29 «Жакшы аялдар көп болгон, бирок сен алардын баарынан ашып түштүң».

    31:30 Сүйкүмдүүлүк алдап кетет, сулуулук өтүп кетет, бирок Теңирден корккон аял мактоого татыктуу.

    31:31 Ага өз колунан чыккан жемишинен бергиле, иштери аны дарбаза алдында даңктасын!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск