Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 30

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    30-БөЛЄМ

    Агурдун накыл сөздөрү

    30:1 Жакеп уулу Агурдун сөздөрү. Ал кишинин Итиелге жана Ухалга айткан, адамды шыктандырган накыл сөздөрү мындай:

    30:2 «Чындыгында, эл ичинде мен эң акылсыз адаммын, менде адамдык акыл жок.

    30:3 Мен акылмандыкты да эйрөнө алган жокмун, менде ыйык адамдарда болгон Кудайды таанып билүү да жок.

    30:4 Асманга көтөрүлүп, кайра түшкөн барбы? Шамалды чогултуп, кош уучуна салып алган барбы? Сууну кийимине түйүп алган барбы? Жердин бүт чектерин ким койду? Анын аты ким? Анын баласынын аты ким? Билесиңби?

    30:5 Кудайдын ар бир сөзү таза, Ал – өзүнө таянгандарга калкан.

    30:6 Ал сени ашкерелебеши үчүн, алдамчы болуп калбашың үчүн, Анын сөздөрүнө үч нерсе кошпо.

    30:7 Мен Сенден эки нерсе сурайын, орундатпай койбо:

    30:8 бул жашоомдо менден курулай убаракерчиликти жана алдамчылыкты алыс кыл, мени бай да, жакыр да кылба, мени күндөлүк турмушта эң зарыл болгон нан менен камсыз кыл.

    30:9 Ашыра тоюп алып, өзүңдөн баш тартпайын, “Теңир ким?” деп айтпайын же жакырданып кетип, уурулук кылбайын, Кудайымдын атын курулай атабайын.

    30:10 Каргышына калбашың үчүн, күнөөлүү болуп калбашың үчүн, кулду мырзасынын алдында жамандаба.

    30:11 Атасына наалат айткан, энесине ыраазы болбогон адамдар бар.

    30:12 өзүнүн ыпыластыгынан жуулбай туруп, өзүн тазамын деп эсептеген адамдар бар.

    30:13 Менменсинген, боюн көтөргөн адамдар бар.

    30:14 Жер үстүндөгү жакырларды жана эл ичиндеги жарды-жалчыларды жей турган тиштери кылыч, жаактары шамшар болгон адамдар бар.

    30:15 Тойбостун “Келе, келе” деген эки кызы бар. Тойбогон үч нерсе бар, “Жетет” дебеген төрт нерсе бар.

    30:16 Булар: өлгөндөр жаткан жай жана тукумсуз жатын, сууга тойбогон жер жана “Жетишет” дебеген от.

    30:17 Атасын мыскылдаган, энесине баш ийбеген көздү чөл кузгундары чокуп салат, бүркүттүн барчындары жеп салат.

    30:18 Мен үчүн үч нерсе кол жеткис, төрт нерсени түшүнбөйм:

    30:19 асмандагы бүркүт жолу, аскадагы жылан жолу, деңиздеги кеме жолу, кызга барган жигиттин жолу.

    30:20 Бузулган аялдын жолу да ошондой: жеп бүтүп, оозун аарчып: “Мен үч кандай жамандык кылган жокмун”, – дейт.

    30:21 Yч нерседен жер солкулдайт, төрт нерсени көтөрө албайт:

    30:22 кулдун падыша болгонуна, акылсыздын нанды тоё жегенине,

    30:23 бузулган аялдын күйөөгө тийгенине, күңдүн өзүнүн мырзайымынын ордун эүлеп алганына.

    30:24 Жер үстүндө төрт майда жаныбар бар, бирок алар акылдуулардан да акылдуу:

    30:25 кумурскалар, күчтүү эл эмес, бирок алар өздөрүнүн азыгын жайында камдап алышат;

    30:26 тоо чычкандары, алсыз эл, бирок алар үйлөрүн аскаларга салышат;

    30:27 чегирткелер, алардын падышасы жок, бирок бардыгы тизилип чыгышат;

    30:28 жөргөмүштөр, алар буттары менен илинип турушат, бирок падышанын ак сарайларында болушат.

    30:29 Басканы сонун үч нерсе бар, жүрүшү укмуш төрт нерсе бар:

    30:30 арстан, ал – жырткычтардын эң күчтүүсү, үч кимге жол бербейт;

    30:31 жылкы, эчки жана өз элинин арасындагы падыша.

    30:32 үгерде сен өзүңдүн текебердигиң менен акылсыздык кылып, бирөөгө жамандык ойлогон болсоң, анда колуң менен оозуңду жап.

    30:33 Анткени сүттү бышса май түшөт, мурунга урса кан чыгат, ошондой эле ачууну козгосо чатак чыгат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск