Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 29

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    29-БөЛЄМ

    Уландысы. Акылмандык жакшылык алып келет. Күнөө менен мыйзамсыздык өлүмгө алып барат

    29:1 Айыбы ашкереленген адам моюн сунбай өжөрлөнүп койсо, күтүлбөгөн жерден кыйрайт, дартына даба табылбайт.

    29:2 Адил адамдар көбөйө баштаганда, эл шаттыкка бөлөнөт, ал эми мыйзамсыз адам үстөмдүк кылганда, эл онтойт.

    29:3 Акылмандыкты сүйгөн адам атасын кубантат, ал эми бузулган аялдар менен жүргөн адам мал-мүлктү чачат.

    29:4 Падыша акыйкаттык менен жерди бекемдейт, ал эми алык-салыкты көбөйткөн падыша аны жакырчылыкка алып келет.

    29:5 Досуна кошомат кылган адам анын бутуна тузак тартат.

    29:6 Жаман адамдын күнөөсү өзүнө жайылган тор болот, ал эми адил адам кубанып, шаттанып жүрөт.

    29:7 Адил адам жакырлардын ишин кылдаттык менен териштирет, ал эми мыйзамсыз адам ишти териштирбейт.

    29:8 Бузулган адамдар шаарды дүрбөлөңгө салышат, ал эми акылдуу адамдар дүрбөлөңдү басышат.

    29:9 Акылдуу адам акылсыз адам менен соттошкондо, ачууланса да, күлсө да тынчтыгын жоготот.

    29:10 Канкор адамдар ак ниет адамды жек көрүшөт, ал эми адил адамдар анын өмүрү үчүн кам көрүшөт.

    29:11 Акылсыз адам бүт каарын чачат, ал эми акылдуу адам ачуусун басат.

    29:12 үгерде башкаруучу жалган сөз угуп жатса, анда анын кызматчыларынын баары – мыйзамсыз адамдар.

    29:13 Жакыр менен паракор кезигишпей койбойт, экөөнө тең жарыкты Теңир берет.

    29:14 үгерде падыша кембагалдарды акыйкат соттосо, анда анын тагы түбөлүккө бекемделет.

    29:15 Чыбык жана ашкерелөө акылмандык берет, бирок өз эркине коюлган уул энесин уятка калтырат.

    29:16 Мыйзамсыз адамдар көбөйгөндө, мыйзамсыздык көбөйөт, бирок адил адамдар алардын кыйраганын көрүшөт.

    29:17 Уулуңду жазала, ошондо ал жаныңа тынчтык берип, кубаныч тартуулайт.

    29:18 Кудайдан аян болмоюнча, эл ооздукталбайт, ал эми Кудайдын мыйзамын сактаган адам бактылуу.

    29:19 Кулду сөз менен эйрөтө албайсың, анткени ал сөздү түшүнсө да, тил албайт.

    29:20 Алды-артын ойлобой сүйлөгөн адамды көрдүң беле? Ага эмүттөнгөнгө караганда, акылсызга көбүрөөк эмүттөнсө болот.

    29:21 үгерде кулду бала чагынан эркелетип тарбияласаң, акыры ал сага бала болгусу келет.

    29:22 Каардуу адам чыр-чатак чыгарат, ачуусу чукул адам көп күнөө кылат.

    29:23 Адамды өзүнүн текебердиги кемсинтет, ал эми момун адам урматка эү болот.

    29:24 Ууру менен элүштөш болгон адам өз жанын жек көрөт, ал каргыштарды укса да, бул жөнүндө үч кимге айтпайт.

    29:25 Адамдардан коркуу тузак коёт, ал эми Теңирден эмүттөнгөн адам коопсуз болот.

    29:26 Адамдардын көбү башкаруучунун алдында ырайым тапкысы келет, бирок адамдын тагдыры Теңирдин колунда.

    29:27 Мыйзамсыз адам адил адамдар үчүн жийиркеничтүү, түз жол менен жүргөн адам мыйзамсыз адам үчүн жийиркеничтүү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск