Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 42

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    42-БөЛЄМ

    42:1 Анан ал мени түндүк тараптагы жол менен сырткы короого алып чыгып, аянттын каршысындагы, түндүк тараптагы имараттын каршысындагы бөлмөлөргө эүрчитип келди.

    42:2 үшиги түндүктү караган бул бөлмөлөрдүн узундугу жүз чыканак, туурасы элүү чыканак экен.

    42:3 Жыйырма чыканак болгон ички короонун каршысында жана сырткы короодогу секиченин каршысында бири-бирин караган үч кабаттуу галереялар бар эле.

    42:4 Ал эми бөлмөлөрдүн алдындагы кире бериштин туурасы он чыканак, узундугу бир чыканак. Алардын эшиктери түндүктү карайт.

    42:5 Жогорку бөлмөлөр куушураак эле, анткени галереялар бул имараттагы ортоңку жана төмөнкү бөлмөлөргө караганда көп орун эүлейт.

    42:6 Ал мамылар үч кабат эле, ал бөлмөлөрдүн короонукундай мамылары жок болчу. Ошондуктан ал бөлмөлөр ортоңку жана төмөнкү бөлмөлөргө караганда куушураак жасалган экен.

    42:7 Ал эми сырткы короодогу ушул бөлмөлөрдүн каршысындагы бөлмөлөрдүн алдыңкы бетин түзгөн сырткы дубалдын узундугу элүү чыканак эле.

    42:8 Анткени сырткы короодогу бөлмөлөрдүн узундугу да элүү гана чыканак, ал эми ийбадаткананын алды жүз чыканак эле.

    42:9 Сырткы короодон киргенде, кире турган эшик чыгыш тарапта, ушул бөлмөлөрдүн астында эле.

    42:10 Аянттын алдындагы чыгышты караган короонун дубалынын туурасынан кеткен жагында жана имараттын алдында бөлмөлөр бар эле.

    42:11 Алардын алдындагы кире бериш түндүктү караган бөлмөлөрдүкүндөй эле, узундугу менен туурасы да, чыга турган эшиктери да, алардын түзүлүшү да, кире турган эшиктери да ошол бөлмөлөрдүкүндөй эле.

    42:12 Ал эшиктер түштүктү караган бөлмөлөрдүкүндөй болчу, аларга кире турган эшик чыгышка карай дубал бойлоп кеткен жолдун өзүндө эле.

    42:13 Анан ал мага мындай деди: «Аянттын алдындагы түндүктү караган бөлмөлөр жана түштүктү караган бөлмөлөр – Теңирге жакындаган ыйык кызмат кылуучулардын ыйык бөлмөлөрү, алар эң ыйык курмандыкты ошол жерде жешет. Алар ошол жерге эң ыйык курмандыктарды: нан курмандыктарын, күнөө үчүн чалынуучу курмандыктарды жана айып үчүн чалынуучу курмандыктарды коюшат, анткени бул – ыйык жер.

    42:14 Ыйык кызмат кылуучулар ыйык жайга киргенде, кызмат кылганда кийген кийимдерин ошол жерге калтырмайынча, сырткы короого чыгышпасын, анткени ал кийимдер ыйык. Алар башка кийим кийгенден кийин гана элге чыгышсын».

    42:15 Ал ийбадаткананын ичин ченеп бүткөндөн кийин, мени чыгышты караган дарбазалар менен сыртка эүрчитип чыгып, аны айланта ченей баштады.

    42:16 Ченегич таяк менен ал анын чыгыш тарабын ченеди, ченегич таяк менен ченегенде, бардыгы беш жүз таяк болду.

    42:17 Түндүк тарабын ошол эле ченегич таяк менен ченегенде, бардыгы беш жүз таяк болду.

    42:18 Түштүк тарабын да ошол эле ченегич таяк менен ченегенде, беш жүз таяк болду.

    42:19 Ал жерден батыш тарапка бурулуп, ченегич таяк менен ченегенде, беш жүз таяк болду.

    42:20 Ал анын бардык төрт тарабын ченеп чыкты. Анын тегерегинде туурасы беш жүз таяк, узундугу беш жүз таяк болгон дубал бар эле. Ал дубал ыйык жерди ыйык эмес жерден бөлүп турчу.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск