Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 41

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    41-БөЛЄМ

    41:1 Анан ал мени ийбадатканага алып келди, бир жагындагы мамылардын туурасын ченегенде алты чыканак, экинчи жагындагы мамылардын туурасын ченегенде алты чыканак болду, жыйын чатырынын туурасы ошончо болду.

    41:2 үшиктин туурасы он чыканак, эшиктин бир капталы беш чыканак, экинчи капталы беш чыканак. Ийбадаткананын узундугун ченегенде кырк чыканак, туурасын ченегенде жыйырма чыканак болду.

    41:3 Анан ал ичине кирип, эшиктин оозундагы мамыларды ченегенде эки чыканак, эшикти ченегенде алты чыканак, эшиктин туурасын ченегенде жети чыканак болду.

    41:4 Ал бөлмөнүн узундугун ченегенде жыйырма чыканак, туурасын ченегенде жыйырма чыканак болду, анын туурасы ийбадаткананын туурасына барабар. Анан ал мага: «Бул – ыйыктын ыйыгы», – деди.

    41:5 Анан ал ийбадаткананын дубалын ченегенде алты чыканак болду, ал эми ийбадаткананын тегерегиндеги каптал бөлмөлөрдүн туурасын ченегенде төрт чыканактан болду.

    41:6 Бөлмө үстүнө бөлмө болуп жайланышкан капталындагы бөлмөлөр отуз үч болду. Тегерете салынган бөлмөлөр ийбадаткананын тегерегиндеги дубалга кирип турат, бирок ийбадаткананын дубалына тийбейт, алар жалпы жабылган.

    41:7 Yй тегерете жогорулаган сайын каптал бөлмөлөр кеңейген, анткени ийбадаткананын айланасы эй улам жогорулаган сайын кеңейген, ошондуктан ийбадаткананын жогору жагы кенен болчу. Төмөнкү кабаттан жогорку кабатка ортоңку кабат аркылуу көтөрүлүп чыкчу.

    41:8 Мен эйдүн жогору жагын тегерете көрдүм. Каптал бөлмөлөрүнүн негизи – бир бүтүн таяк, ал – алты толук чыканак.

    41:9 Сыртка чыгып турган каптал бөлмөлөрдүн дубалынын туурасы беш чыканак, ийбадаткананын каптал бөлмөлөрүнүн жанында ачык жер бар.

    41:10 Ийбадаткананын тегерегиндеги бөлмөлөрдүн арасындагы аралык жыйырма чыканак.

    41:11 Каптал бөлмөлөрдүн эшиктери ачык жерди карап турат, бир эшиги түндүк жакты, бир эшиги түштүк жакты карайт. Ал эми бул ачык жердин туурасы беш чыканак.

    41:12 Батыш тараптагы аянттын алдындагы имараттын туурасы жетимиш чыканак. Ушул имараттын дубалынын туурасы беш чыканак, узундугу токсон чыканак.

    41:13 Ал ийбадаткананын узундугун ченегенде жүз чыканак болду; короону, жанаша курулган эйдү жана анын дубалдарын ченегенде да жүз чыканак болду.

    41:14 Ийбадаткананын алды жагы менен чыгышты караган аянттын туурасы да жүз чыканак.

    41:15 Анан ал аянттын алдындагы, анын батыш тарабындагы имараттын узундугун тигил жана бул жагында жайланышкан каптал бөлмөлөрү менен бирге, ийбадаткананын ичи менен бирге, короонун кире бериш бөлмөлөрү менен бирге ченегенде жүз чыканак болду.

    41:16 үшик устундары жана тор терезелер, үч кабаттагы тегерете салынган каптал бөлмөлөрдүн эшиктеринин каршысы, эйдүн тактасынан терезеге чейин жыгач менен капталган, терезелер жабык турчу.

    41:17 үшиктердин үстү, ийбадаткананын ичи да, сырты да, дубалдын ички бети менен сырткы бети да жыгач менен капталган эле.

    41:18 Алардын бетине керуптар менен пальмалар түшүрүлгөн эле: эки керуптун ортосунда бир пальма бар эле, ар бир керуптун эки бети бар эле.

    41:19 Пальманы бир жагынан адам бети, экинчи жагынан арстан бети карап турат. Ийбадаткананын ичи бүт бойдон, тегерете мына ушундай жасалган.

    41:20 Полдон эшиктин жогору жагына чейин керуптар жана пальмалар жасалган, ийбадаткананын дубалдары да ошондой.

    41:21 Ийбадаткананын эшиктеринин кашектери төрт бурчтуу болчу. Ыйык жайга кирүүчү эшиктин көрүнүшү да ошол эшиктин көрүнүшүндөй эле.

    41:22 Бийиктиги үч чыканак, узундугу эки чыканак болгон курмандык чалынуучу жай жыгачтан болчу. Анын бурчтары, таканычы, капталдары жыгачтан эле. Анан ал мага: «Бул – Теңирдин алдындагы дасторкон», – деди.

    41:23 Ийбадаткананын жана ыйыктын ыйыгынын экиден эшиктери бар эле.

    41:24 Бул эшиктер эки эшиктен турат экен, экөө тең жылып турма, биринчи эшикте эки эшик, экинчи эшикте да эки эшик.

    41:25 Ийбадаткананын эшиктеринин бетине дубалдын бетиндегидей эле керуптар жана пальмалар түшүрүлгөн эле. Ал эми сыртта, кире бериш бөлмөнүн алдында тактайдан жасалган секиче бар экен.

    41:26 Кире бериш бөлмөнүн тигил капталында да, бул капталында да, ийбадаткананын каптал бөлмөлөрүндө да, жыгач менен капталган мамыларда да бетине пальмалар түшүрүлгөн тор терезелер бар эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск