Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Дүйнөнүн жаралышы

    1:1 эң башында Кудай асман менен жерди жаратты.

    1:2 Жер болсо көрксүз, эүн болчу, түпсүз туңгуюкту караңгылык каптап турчу. Кудайдын Руху суу үстүндө калкып учуп жүрчү.

    1:3 Ошондо Кудай: «Жарык болсун!» – деди. Жарык пайда болду.

    1:4 Кудай жарыктын жакшы экенин көрүп, жарыкты караңгыдан ажыратты.

    1:5 Кудай жарыкты «күн», караңгыны «түн» деп атады. Кеч кирип, таң атты: биринчи күн өттү.

    1:6 Анан Кудай: «Суулардын ортосунда аба мейкиндиги болсун, ал сууну суудан бөлүп турсун», – деди.

    1:7 Ошентип, Кудай аба мейкиндигин жаратып, аба мейкиндигинин астындагы сууну аба мейкиндигинин үстүндөгү суудан бөлүп койду. Так ошондой болду.

    1:8 Кудай аба мейкиндигин «асман» деп атады. Кеч кирип, таң атты: экинчи күн өттү.

    1:9 Анан Кудай: «Асман астындагы суулар бир жерге чогулсун, кургактык пайда болсун», – деди. Так ошондой болду.

    1:10 Кудай кургактыкты «жер» деп атады, ал эми чогулган сууларды «деңиз» деп атады. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.

    1:11 Анан Кудай: «Жер өсүмдүктөрдү, урук чачкан түрдүү чөптөрдү, уругу жер үстүндө өз түрү боюнча жемиш берген мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарсын», – деди. Так ошондой болду.

    1:12 Ошондо жер өсүмдүктөрдү, урук чачкан түрдүү чөптөрдү, өз түрү боюнча жемиш берген мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарды. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.

    1:13 Кеч кирип, таң атты: үчүнчү күн өттү.

    1:14 Анан Кудай: «Күндү түндөн ажыратуу үчүн, мезгилдерди, күндөрдү, жылдарды белгилөө үчүн, асман мейкиндигинде чырактар болсун.

    1:15 Алар жерге жарык берип турушу үчүн, асман мейкиндигинде чырак болушсун», – деди. Так ошондой болду.

    1:16 Ошентип, Кудай эки чоң чыракты: күндү башкаруу үчүн чоңураак чыракты, түндү башкаруу үчүн кичирүүк чыракты жана жылдыздарды жаратты.

    1:17 Кудай аларды жерге жарык бериши үчүн,

    1:18 күн менен түндү башкарышы үчүн, жарыкты караңгыдан ажыратышы үчүн, асман мейкиндигине жайгаштырды. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.

    1:19 Кеч кирип, таң атты: төртүнчү күн өттү.

    1:20 Анан Кудай: «Суу тирүү жандыктарга толсун. Жер үстүндө, асман мейкиндигинде канаттуулар учсун», – деди.

    1:21 Ошентип, Кудай суудагы көп сандаган чоң балыктарды жана сойлоп жүрүүчү ар түрдүү жандыктарды, ар кандай канаттууларды түр-түрү менен жаратты. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.

    1:22 Анан Кудай аларга мындай деп батасын берди: «Тукумдап көбөйгүлө, деңиз сууларын толтургула, канаттуулар да жерде көбөйүшсүн».

    1:23 Кеч кирип, таң атты: бешинчи күн өттү.

    1:24 Анан Кудай: «Жер тирүү жандыктарды: малдарды, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды, жер жаныбарларын түр-түрү менен чыгарсын», – деди. Так ошондой болду.

    1:25 Ошентип, Кудай жер жаныбарларын түр-түрү менен, малдарды түр-түрү менен, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды түр-түрү менен жаратты. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.

    1:26 Анан Кудай мындай деди: «Биздин бейнебиз боюнча өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы. Алар деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, малдарга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларга, бүт жер үстүнө бийлик кылышсын».

    1:27 Ошентип, Кудай өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты.

    1:28 Анан Кудай аларга мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди эүлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарларга бийлик кылгыла».

    1:29 Анан Кудай дагы мындай деди: «Мен силерге бүт жер үстүндөгү урук чачкан ар кандай өсүмдүктөрдү, мөмөсүндө уругу бар ар кандай мөмөлүү дарактарды бердим, булар силерге азык болсун.

    1:30 Ал эми бардык жер жаныбарларына, бардык асман канаттууларына, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү ар кандай тирүү жаныбарларга бардык өсүмдүктөрдү азык кылып бердим». Так ошондой болду.

    1:31 Кудай өзү эмнени жаратса, ошонун бардыгы абдан жакшы экенин көрдү. Кеч кирип, таң атты: алтынчы күн өттү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск